Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
102-берене. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгили жана мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 мая 2015 года № 115
1. Пландык текшерүү мындай пландуу текшерүү жүргүзүүнүн башталышына карата бүткөн мурдагы 3 календарлык жылдан ашпаган мезгилди камтыйт.
2. Текшерүүлөрдүн калган түрлөрү ушул Кодексте белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки ар кандай мезгил үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Берилген тапшырмада көрсөтүлүүчү пландуу текшерүү жүргүзүү мөөнөтү салык төлөөчүгө көрсөтмөнү тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күндөн, ал эми ири салык төлөөчү үчүн - эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, 50 календарлык күндөн ашпоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен критерийлерге ылайыктуу салык төлөөчү, ири салык төлөөчү болуп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда филиалдары бар уюмдарды пландуу текшерүү жүргүзүүдө салык текшерүүлөрүн жүргүзүү мөөнөтү ар бир филиалга карата 30 календарлык күндөн ашпашы керек.
5. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн мезгили, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү төмөнкүдөй учурда токтотула турат:
1) аларды берүү күнүн кошуп алганда, салык төлөөчүгө салык кызматы органынын докумен№терин берүү жөнүндө чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып көчмө текшерүү жүргүзүүдө суралуучу документтерди салык төлөөчү берген күнгө чейинки мезгилге;
2) салыктык текшерүүнүн катышуучуларынын ооруп калуусу, жакын тууганынын өлүү себеби боюнча, бирок ал 15 календардык күндөн ашпайт;
3) айласыз күч жагдайлары пайда болгон учурга.
6. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтүнүн, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү мезгили маалымат берүү жөнүндө чет мамлекеттен суроо-талапка жооп алуу жана эл аралык макулдашууларга ылайык ал боюнча салык кызматынын органдары маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон убакыттын мезгилинде, ошондой эле утурлама текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.
7. Чет мамлекетке суроо-талапты ишке ашыруу, экспертиза жүргүзүү, утурлама текшерүүнү дайындоо жана көчмө текшерүү бүткөн күнгө чейин алардан натыйжаларды албоо учурларында, көчмө текшерүү жүргүзүлгөн суроо-талаптар, экспертиза өткөрүү, утурлама текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө текшерүү актысындагы жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.
8. Суроо-талапка жоопторду, экспертизалардын же утурлама текшерүүлөрдүн натыйжаларын алуу кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
9. Пландан тышкаркы текшерүү, пландуу текшерүү үчүн аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.
10. Утурлама текшерүү 10 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
11. Кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
12. Салык органы ушул Кодекстин 100-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди салык органы алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
Салык органы ушул Кодекстин 100-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди салык органы алган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен көрсөтмөнү салык төлөөчүгө тапшырууга жана пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.05.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
12. Салык органы ушул алынып салынды: Кодекске ылайык кошулду: Кодекстин 100-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди салык органы алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 кошулду: календардык күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга алынып салынды: жана салык кошулду: милдеттүү.
Салык органы кошулду: ушул Кодекстин 100-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди кошулду: салык органы алган күндөн кийинки алынып салынды: келүүчү кошулду: күндөн тартып 30 календардык күндөн алынып салынды: кеч эмес кошулду: кечиктирбестен көрсөтмөнү салык төлөөчүгө тапшырууга жана пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы № алынып салынды: 169 кошулду: 169, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 14 июня 2004 года N 435 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 марта 2000 года N 142 "О…Постановление · 14.06.2004 · № 435 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
- 100-берене. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгили жана мөөнөттөрү
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-102" title="102-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>