Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2008-жылдын 17-октябры № 227
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоо киргизүү тууралу
2008-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 18-янва-
ры, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 146-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судь-
яларынын кызмат орундарына шайлоо жөнүндө маселени бир жыныстагы адам-
дардын өкүлдөрүнүн анын курамында жетимиш пайыздан ашпоосун эске алуу
менен жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасын жана
Төрагасынын орун басарын дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселени
Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы алынган учурдан тартып
14 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.".
2. 156-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палата-
сынын аудиторлорунун бүткүл курамын" деген сөздөрдөн кийин ", бир жы-
ныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жетимиш пайыздан ашпоосун эсепке алуу ме-
нен" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 157-статьянын 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын курамынын жарымын бир жыныстагы
адамдардын өкүлдөрүнүн жетимиш пайыздан ашпоосун эске алуу менен шай-
лайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон