1-берене
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 18-янва-
ры, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 146-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судь-
яларынын кызмат орундарына шайлоо жөнүндө маселени бир жыныстагы адам-
дардын өкүлдөрүнүн анын курамында жетимиш пайыздан ашпоосун эске алуу
менен жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасын жана
Төрагасынын орун басарын дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселени
Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы алынган учурдан тартып
14 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.".
2. 156-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палата-
сынын аудиторлорунун бүткүл курамын" деген сөздөрдөн кийин ", бир жы-
ныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жетимиш пайыздан ашпоосун эсепке алуу ме-
нен" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 157-статьянын 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењеш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын курамынын жарымын бир жыныстагы
адамдардын өкүлдөрүнүн жетимиш пайыздан ашпоосун эске алуу менен шай-
лайт.".
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202442/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>