Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-берене. Зыян келтирген жакка кайра талап коюу укугу
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүп жаткан камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга төлөнгөн сумманын деңгээлинде төмөндөгү жагдайларда кайра талап коюу укугуна ээ болот:
1) камсыздандыруу жагдайы болушун камсыздандырылуучу атайлап жасаса же анын болушуна шарт түзсө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте, камсыздандырылуучунун аракети атайын күнөө же административдик укук бузуу, камсыздандыруу жагдайынын болушуна себеп болгон деп таанылса;
3) камсыздандырылуучу тарабынан зыяндын көлөмүн көтөрүү үчүн атайы ойлонулган чаралар көрүлүп, азайтуу аракети жасалбаса;
4) камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга камсыздандыруу объектиси, камсыздандыруу тобокелчилиги, камсыздандыруу жагдайы жана анын кесепети тууралуу жалган билдирүү берилген мезгилде;
5) камсыздандырылуучунун камсыздандыруу жагдайынын болушуна жооптуу жакка өзүнүн талаптарын коюу укугунан баш тартканда, камсыздандыруучуга талап коюу укугунун өтүшү үчүн керектүү документтерди берүүдөн баш тартканда.
2. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулган келтирилген зыян үчүн жооптуу камсыздандыруучуга төлөнгөн сумманын чегиндеги камсыздандырылуучунун кайра талап кылуу укугу өтөт.
3. Кооптуу өндүрүш объектисинде болгон аварияга, атайын ойлонгон аракеттен башка учурда, алардын кызматтык же башка эмгектик милдеттери себеп болуп эсептелсе, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүчү камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун кызматкерине кайра талап коюу укугуна ээ эмес.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202416/st-17" title="17-берене - Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>