18-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн куткаруунун шарттары
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Камсыздандыруучу камсыздоо төлөмдөрүн төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай төмөндөгү жагдайда баш тартууга укуктуу:
1) коргонуу жана эч айла болбогон шарттарды кошпогондо, пайда табуучу камсыздандыруу жагдайынын болушуна же анын чыгышына атайын ойлонуу менен шарт түзгөн болсо;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте пайда табуучунун аракети кылмыш же административдик укук бузуу деп табылып камсыздандыруу жагдайынын себептери ага байланыштуу болгондо.
2. Камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн камсыздандыруу жагдайы төмөндөгү шарттарда болсо куткарылат:
1) ядролук жарылуу, радиация же радиоактивдүү уулануунун таасири болгондо;
2) аскердик же ага жакын аракеттерде (согуш жарыялангандыгына же жарыяланбагандыгына карабастан) террордук акт, кол салуу, чет мамлекеттердин душмандык аракети, жарандык согуш болгон учурда;
3) козголоң, иш таштоо, жарандык тартип бузуулар, улам курчуган же элдик көтөрүлүшкө чейин жеткен көтөрүлүүлөр, кагылыш, элдик толкун, аскердик козголоң, революция, аскердик басып алуу жана бийликти тартып алуу, талоончулук, реквизиттөө же мүлктү улутташтыруу мезгилинде.
3. Камсыздандыруучунун камсыздоо төлөмдөрүнөн баш тартуусуна төмөндөгүлөр да негиз боло алат:
1) объектилердин ээлик кылуучуларынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган зыянды калыбына келтирүүдө ар кандай өтө жогорку камсыздандыруу суммасын талап кылуу;
2) камсыздандырылуучу же (пайда табуучу) болгон адам келтирилген зыяндын кайтарымын, зыянга күнөөлүү адамдан өндүрүп алган мезгилде;
3) камсыздандыруу жагдайынын болгондугу тууралуу камсыздандыруучуга билдирбеген учурда.
4. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим камсыздандыруучу тарабынан кабыл алынат, камсыздандырылуучуга жана (же) пайда табуучуга жазуу жүзүндө баш тартуунун негиздери көрсөтүлгөн арыз алынгандан кийин төлөм жана бардык керектүү документтер жөнүндө отуз күндүн ичинде билдирилет.
5. Камсыздандыруучунун камсыздоо төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуусу, камсыздандырылуучу жана (же) пайда алуучу болуп эсептелген жактын кайрылуусу боюнча соттук тартипте каралат.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202416/st-18" title="18-берене - Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>