16-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүнүн шарттары жана тартиптери
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Камсыздандыруучуга камсыздандырылуучу же пайда көрүүчү болуп саналган үчүнчү жак камсыздоо төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу талабын жазуу жүзүндө төмөндөгү документтерди тиркөө менен жиберет:
1) Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдаланып жаткан уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
2) камсыздандырылуучу тарабынан таанылган пайда табуучунун камсыздандыруу төлөмү тууралуу келтирилген зыянды далилдөөчү жана анын өлчөмү тууралуу документтер, кооптуу өндүрүш объектисинде болгон авариянын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жөнүндө соттун чечими;
3) келтирилген зыянды азайтууга же болтурбоого көрүлгөн чараларга кеткен чыгымды далилдеген документтер (алар болсо).
2. Пайда табуучу болуп үчүнчү жак (ал өлгөн шартта - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыянды калыбына келтирүүгө укугу бар жак) эсептелет же үчүнчү жакка (чыгымды калыбына келтирүүгө укугу бар жакка) ушул Мыйзамда белгиленген камсыздоочунун жоопкерчилигинин чегинде келтирилген зыяндын ордун толтурган жана камсыздандыруу төлөмүнө укук алган башка жак эсептелет.
3. Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрү ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган документтер келип түшкөн күндөн отуз күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
4. Кооптуу өндүрүш объектисинде болгон авариянын натыйжасында зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арызды канааттандыруу, камсыздандыруучу тарабынан же соттун чечими менен камсыздандыруу жагдайы болду деп таанылса белгиленген тартипте каралат, бир эле мезгилде бир нече арыз түшсө, анда төмөндөгүдөй кезекте каралат:
1) биринчи кезекте, жеке жактын өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыянды кайтаруу жөнүндө арыз канааттандырылат;
2) экинчи кезекте, жеке жактын мүлкүнө келтирилген зыян кайтарылып берилет;
3) үчүнчү кезекте, юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыян кайтарылып берилет;
4) төртүнчү кезекте, курчап турган чөйрөгө келтирилген зыян кайтарылып берилет.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202416/st-16" title="16-статья - Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>