15-берене. Камсыздандыруу жагдайын жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу жагдайы болгон, кооптуу өндүрүш объектисинде болгон авариянын натыйжасында үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген залалдын кайтарымы боюнча камсыздандырылуучунун жарандык жоопкерчилигинин пайда болуу фактысы таанылат.
Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү камсыздандыруучу тарабынан авариянын чыгыш себептерин териштирген актынын, соттук чечимдин жана келтирилген зыяндын өлчөмү тууралуу маалыматтар камтылган башка материалдардын негизинде аныкталат.
2. Мүлктүн бүлүнүшүнө келтирилген зыяндын өлчөмү камсыздандыруу жагдайы болгонго чейинки мүлктүн эскиргендигин эске алуу менен аны калыбына келтирүүдө наркы эсептелип чыгып аныкталат.
Мүлктү ордуна коюунун наркы камсыздандыруу жагдайы пайда болгон учурдагы орточо базар бааларынын жана тарифтеринин негизинде аныкталат. Мүлктүн жок кылынышына келтирилген зыяндын өлчөмү камсыздандыруу жагдайы болгон күнгө чейинки эскирүүнү эске алуу менен мүлктүн чыныгы наркынын натыйжасында аныкталат. Эгер аны техникалык жактан калыбына келтирүү мүмкүн эмес же экономикалык жактан негизсиз болсо, мүлк жок кылынган деп эсептелет. Камсыздандыруу жагдайы башталганда эгерде күн сайын коротулган амортизацияны эсепке алганда, мында күтүлгөн чыгымдар (калыбына келтирүү наркы) мүлктүн анык наркынан 80 пайызга ашып кетсе, мүлктү калыбына келтирүү экономикалык жактан негизсиз деп эсептелет.
3. Камсыздандыруучунун же пайда табуучу болуп эсептелген башка жактын арызы боюнча камсыздандыруу жагдайынын башталышынын натыйжасында үчүнчү жактын мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн камсыздандыруучу аныктайт. Айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын өлчөмү колдонуудагы жаратылышты коргоочу мыйзамдарга ылайык аныкталат.
Келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо көз карандысыз эксперт аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Келтирилген зыянды баалоодо пикир келишпестик болсо тараптар башка жолдор аркылуу аныктоого укуктуу.
4. Камсыздандыруу кайтарымы, үчүнчү жакка келтирилген чыгымдын өлчөмүнөн (такталган чыгымдан) ашпоого тийиш.
Үчүнчү жактын, анын ичинде майыптыгы белгиленбеген, жаракаты, травмасы же саламаттыгына келтирилген башка зыяндар белгиленбеген жактын, өмүрүнө жана денсоолугуна келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн минималдык өлчөмү Өкмөт тарабынан белгиленет.
5. Камсыздандыруучу келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында кошумча териштирүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Ушуга байланыштуу аварияны техникалык тергөөнүн документтерин, зыяндын келтирилгендиги боюнча мамлекеттик органдардан материалдарды, медициналык документтерди, жоголгон мүлктүн (өлгөн, кырсыкка кабылган) баасы жөнүндө билүү үчүн счетторду, аткарылган жумуштарды, кеткен чыгым жана башка документтерди суроого укуктуу.
6. Камсыздандыруу төлөмдөрү, камсыздандыруу келишиминде белгиленгендей камсыздандыруу суммасынын көлөмүндө төлөнөт.
Үчүнчү жакка келтирилген зыянды толук кайрып берүү үчүн камсыздандыруу келишимде аныкталган камсыздандыруу суммасы жетишсиз болсо, камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй тартипте жүргүзөт. Мында пайда табуучу камсыздандырылуучуга келтирилген зыян үчүн төлөмдүн суммасынан ашыкча төлөнгөндүгү жөнүндө камсыздандыруу талабын коюуга акылуу.
7. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдаланып жаткан уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу бир нече камсыздандыруучу аркылуу жүргүзүлсө (биргелешип камсыздандыруу) ар бир камсыздандыруучу, түзүлгөн камсыздандыруу келишиминин чегинде камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) алдында жоопкерчиликте болот. Бирок, камсыздандыруу кайтарымынын жалпы суммасы жалпы камсыздандыруучулардын чыныгы чыгымынын суммасынан ашпоого тийиш.
Эки эсе камсыздандыруу болгон шартта, камсыздандыруу кайтарымын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
8. Келтирилген зыян башка жактар аркылуу калыбына келтирилген болсо, камсыздандыруучу камсыздоо келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу төлөмүнүн ортосундагы айырманы, объектиге ээлик кылуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жана башка жактын кошумча суммасы менен төлөйт. Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга башка жактар тарабынан үчүнчү жакка зыянды калыбына келтирүү үчүн төлөнгөн сумма тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
9. Жабырлануучу өлгөн шартта, анын артында мураскору болбосо, камсыздандыруучу тарабынан өлүктү коюуну аткарган адамга чыныгы чыгым берилет, бирок ал кооптуу объектини пайдалануучу уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген суммасынын чегинде болот.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202416/st-15" title="15-берене - Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>