1-берене
Күчүн жоготкон · 16.01.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 января 2015 года № 17.
Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр: Өсүмдүктөр дүйнөсү (өсүмдүк) - ар түрдүү фитоценогенездин бөлүмдөрүнө жана пайда болуу убактысына бириктирилген, жерде же анын бир аймактарында өскөн, түрдүү өсүмдүктөр тобунун саны, алардын мейкиндиги, түзүмү жана динамикасы, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жашоо формаларынын көп түрү жана шайкештиги менен мүнөздөлгөн, курамы, түзүмү, абалы жана мааниси боюнча ар түрдүү өсүмдүктөрдүн жана өсүмдүктөр тобунун табигый жыйындысы. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилери же өсүмдүктөрдүн жаратылыш ресурстары - жапайы өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрү: жер үстүндөгү жана жер алдындагы бөлүктөр, анын ичинде тамырлар, үрөндөр, гүлдөр, өсүмдүктөрдүн чөп катмарлары, дары жана техникалык өсүмдүктөр сырьелору, жапайы жемиштер, грек жањгагынын данектери, мистелер, чычырканактар, сейрек өсүүчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр, жыгачтар, жыгачтар тайпасы, кырчын, бадалдар, тал көчөттөрү, камыштар, ошондой эле мох түрүндөгүлөр, балырлар, козу карындар, эњилчектер ж.б. Жаныбарлар дүйнөсү - өзүнө курт-кумурскаларды, сойлоочуларды, жырткычтарды, канаттууларды, балыктарды жана башка суу жаныбарларын кучагына алган, табигый эркиндик абалында болгон жана экологиялык, экономикалык жана маданий, ден-соолук функцияларын аткарган мыйзам менен корголуучу жаратылыш объектиси. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери - жапайы сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, сойлоочулар, жерде-сууда жашоочулар, курт-кумурскалар, балыктар, суу жаныбарлары жана өнүгүүнүн бардык баскычтарындагы омурткасыз суу жаныбарлары (жаныбарлардын урук клеткалары, пилла, көпөлөк курту, төлү, личинкасы ж.б.), бөлүкчөлөрү жана бул жаныбарлардын башка продукциялары. Пайдалануучу объектилерди түрлөрү боюнча атайын жаратылыштык колдонуу жерди пайдаланууга, жер казынасын, токойлорду, сууларды, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны колдонууларга бөлүнөт. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу - жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин табуу же адамдын материалдык же руханий талаптарын канааттандыруу үчүн алардын жашоо чөйрөсүнөн көрсөтүлгөн объектилерди тартып алуу менен, же ансыз эле алардан башка ыкмалар менен пайда көрүү.
Берененин тексти 16.01.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202414/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>