9-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
1. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуяларын иликтөөгө катышууга;
2) медициналык-социалдык эксперттик комиссия кызматкерди медициналык кароону жүргүзгөндө катышып турууга;
3) камсыздандыруу окуялары боюнча маалыматты текшерүүгө жана зарыл болгон учурларда тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга суроо жиберүүгө;
4) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн камсыздандырылуучунун объектисин иликтөөнү жүргүзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу келишиминде каралган учурларда камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга;
6) камсыздандыруу окуяларын болтурбоо боюнча сунуштамаларды берүүгө;
7) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн көз карандысыз эксперт тартууга;
8) зыян келтирген жакка кайра талап коюуга.
2. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө ага камсыздоо полисин берүүгө;
2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыгуучу анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
3) камсыздандыруу окуясы болгондо ушул Мыйзамга жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө;
4) өзүнүн иш-аракетинин натыйжасында камсыздандыруучу жана пайда табуучу тууралуу алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;
5) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучу тарабынан зыянды азайтуу үчүн жумшалган чыгымдарды төлөп берүүгө;
6) камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда пайда табуучуга баш тартуунун себептеринин жүйөөлөнгөн негиздемесин жазуу жүзүндө жиберүүгө;
7) камсыздандырылуучу жоюлган учурда капиталдаштырылган төлөмдөрдү (камсыздандыруу сый акыларын) чогултуп турууга.
3. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-9" title="9-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>