10-берене. Пайда табуучунун укуктары
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
Пайда табуучу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) ушул Мыйзамда жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана шарттарда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга;
2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары тууралу камсыздандырылуучудан жана камсыздандыруучудан маалыматтарды акысыз алууга;
3) камсыздандыруу окуясын иликтөө маселелери боюнча чечимдерди ыйгарым укуктуу органга же сотко даттанууга;
4) медициналык-социалдык экспертиза маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга;
5) камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу камсыздандыруучуга билдирүүгө;
6) камсыздандыруу окуясын иликтөөгө катышууга, анын ичинде кызматкерлердин өкүлү же өзүнүн ишенимдүү адамы аркылуу катышууга.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-10" title="10-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>