8-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
1. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга келишим түзүү үчүн камсыздандыруучуну тандоого;
2) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын соттук тартипте коргоого;
3) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын, жумуш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;
4) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн көз карандысыз экспертти тартууга;
5) камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте талаш жүргүзүүгө;
6) камсыздандыруу окуясы болгондо ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан кызматкерди текшерүүдөн өткөрүү учурунда катышып турууга.
2. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө камсыздандыруучу менен төмөнкүдөй учурларга карата келишим түзүүгө:
мурда кабыл алынган кызматкерлерге карата ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин отуз жумушчу күндүн ичинде; жаңы кабыл алынган кызматкерлерге карата жумушка алынган күндөн баштап он жумушчу күндүн ичинде;
2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сый акысын төлөөгө жана камсыздандыруу боюнча бардык документтердин сакталышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылууга;
3) өндүрүштөгү кырсыктуу окуялардын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
4) камсыздандыруу окуясы болгондугу жөнүндө өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул тууралу камсыздандыруучуга кечиктирбестен билдирүүгө;
5) камсыздандыруу окуясынын болушунун жагдайларын ыйгарым укуктуу органдын жана камсыздандыруучунун өкүлдөрүн милдеттүү катыштыруу менен иликтөөнү камсыз кылууга;
6) камсыздандыруу окуясынын болушун, ошондой эле зыян келгендигин далилдөөгө;
7) камсыздандыруу төлөмдөрүн эсептөө үчүн зарыл документтерди келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө камсыздандыруучуга берүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди милдеттүү медициналык кароодон өз учурунда өткөрүп турууну камсыз кылууга;
9) камсыздандыруу окуялары болордун алдындагы кызматкерлердин эмгек шарттары тууралуу документтерди ыйгарым укуктуу органга жана саламаттык сактоо уюмуна берүүгө;
10) өндүрүштөн ажыратпастан туруп кызматкерлерди эмгектин коопсуз ыкмаларына жана усулдарына үйрөтүүгө;
11) ыйгарым укуктуу органдын кырсыктуу окуянын алдын алуу, болтурбоо жана иликтөө боюнча чечимдерин аткарууга;
12) камсыздандыруучуга өзүнүн жоюлушу же кайра түзүлүшү жөнүндө өз убагында кабарлоого;
13) камсыздандыруу окуяларынан улам келип чыккан чыгымдарды азайтуу үчүн чараларды көрүүгө;
14) камсыздандыруу окуясынын болушу үчүн жоопкерчиликтүү жакка карата талап коюу укугунун камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга;
15) ушул Мыйзамда каралган учурларда кызматкердин пайдасына же болбосо кызматкердин өлүмүнө байланыштуу келген зыянды төлөтүп алууга укуктуу жактын пайдасына аннуитет келишимин түзүүгө.
3. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-8" title="8-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>