23-берене. Аннуитет келишимин түзүү
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
1. Кызматкердин эмгекке жарамдуулугун жоготкондугу же болбосо өлүмгө учурагандыгы аныкталган учурда жумуш берүүчү кызматкердин өлүмүнө байланыштуу зыянды төлөтүп алууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укугу бар адамдын пайдасына аннуитет келишимин түзүүгө укуктуу.
2. Аннуитет келишими камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, жумуш берүүчүнүн келтирилген зыянды төлөп берүү боюнча жоопкерчилиги келип чыккан күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.
3. Аннуитет келишими жабыр тарткан кызматкердин же болбосо кызматкердин өлүмүнө байланышкан зыянды төлөтүп алууга укугу бар адамдардын алар тийиштүү жаш курагына жеткенге чейин же камсыздандыруу келишими түзүлгөн мезгил ичинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн өлчөмдө жана мөөнөттө утурумдук төлөмдөрдү (аннуитеттерди) төлөп турууда киреше алышын камсыздоочу шарттарда түзүлүшү керек.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-23" title="23-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>