24-берене. Эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктоо үчүн кызматкерди текшерүүнүн тартиби
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
1. Кызматкердин (кызматкерлердин) эмгекке жарамдуулугунун бир күндөн ашык жоготулушуна алып келген ар бир кырсыктуу окуя медициналык корутундуга ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кырсыктуу окуя жөнүндө акт менен жол-жоболоштурулат.
2. Эмгекке жарамдуулугун жоготкондук даражасын аныктоо үчүн кызматкерди зарыл текшерүүдөн өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандырылуучунун, камсыздандыруучунун же кызматкердин кайрылуусу же болбосо соттун чечими боюнча тийиштүү медициналык-социалдык эксперттик комиссия жүргүзөт.
Кырсыктуу окуянын же кесиптик оорунун натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктоо үчүн кызматкерди текшерүүдөн өткөрүүнүн тартиби, ошондой эле кошумча жардамга жана багып-кароого муктаждыгын аныктоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кесиптик оорулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аныкталат.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-24" title="24-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>