Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Зыяндын өлчөмүн аныктоонун тартиби. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырууну төлөп берүү
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
1. Кызматкердин өлүмүнөн же эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунан улам эмгек акысынан (кирешесинен) айрылгандыгына байланышкан зыяндын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат.
2. Кызматкердин ден-соолугунун жабыркашынан улам келип чыккан кошумча чыгашалардын (эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкону аныкталган учурда - аннуитет келишими түзүлгөнгө чейин жумшалган чыгымдардын), ошондой эле кызматкерди (ал өлүмгө учураган учурда) көмүүгө кеткен чыгашалардын өлчөмү бул чыгашаларды ырастоочу документтердин негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык камсыздандыруучу тарабынан аныкталат.
3. Кошумча чыгымдарды төлөп берүү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жумшалган чыгымдарды ырастоочу документтер камсыздандыруучуга берилген күндөн тартып жети жумуш күнүнүн ичинде төлөнөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда кызматкердин же болбосо кызматкерди кемүүдө чыгаша тарткан адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча камсыздандыруучу сөөктү коюуга кеткен чыгымдын бөлүгүн камсыздандыруу төлөмүнүн эсебинен төлөп берүүгө укуктуу.
Кызматкер тарткан кошумча чыгашаларды (эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкон учурда - аннуитет келишими түзүлгөнгө чейин жумшалган чыгашаларды), ошондой эле кызматкерди көмүүгө кеткен чыгашаларды төлөп берүү боюнча камсыздандыруу төлөмүн алуучулар болуп тийиштүү түрдө кызматкер же болбосо сөөк коюуга чыгаша тарткан адам саналат.
4. Эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунан улам кызматкердин же болбосо кызматкер өлүмгө учураганына байланышкан зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөтүп алууга укуктуу адамдардын эмгек акысынан (кирешесинен) айрылгандыгына байланыштуу келген зыянды төлөп берүүгө жумшалуучу камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү ушул Мыйзамдын 23-беренесине ылайык камсыздандырылуучу түзгөн аннуитет келишиминде белгиленген камсыздандыруу сый акысынын өлчөмүнө барабар келген өлчөмдө жүзөгө ашырылат.
Эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунан улам кызматкердин же болбосо кызматкер өлүмгө учураганына байланышкан зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөтүп алууга укуктуу адамдардын эмгек акысынан (кирешесинен) айрылгандыгына байланыштуу келген зыянды төлөп берүүгө жумшалуучу камсыздандыруу төлөмүн алуучулар болуп, эгерде камсыздандырылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыянды төлөтүп алууга укуктуу адамдарга карата өзүнүн зыянды толук көлөмдө төлөп берүү боюнча милдеттенмесин аткарса, камсыздандырылуучу саналат. Камсыздандырылуучунун макулдугу боюнча камсыздандыруу төлөмү ал аннуитет келишимин түзгөн камсыздандыруу уюмуна тикелей которулушу мүмкүн.
5. Кызматкердин ден-соолугу жабыркашына же анын курман болушуна байланышкан камсыздандыруу төлөмү реалдуу зыяндын өлчөмүндө, бирок жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынан көп эмес төлөнөт.
6. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүнү камсыз кылууга байланышкан чыгашаларды камсыздандыруучу өз эсебинен төлөйт.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-19" title="19-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>