20-берене. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнүн жалпы шарттары
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу талап камсыздандырылуучу тарабынан же пайда табуучу болуп саналган башка адам тарабынан жазуу жүзүндө, камсыздандыруу төлөмүн төлөтүп алуу үчүн зарыл болгон документтерди тиркөө менен камсыздандыруучуга берилет.
2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
1) камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;
2) камсыздандыруу окуясынын болгондугун жана кызматкерге келген зыяндын өлчөмүн ырастоочу документтер;
3) эмгекке жарамдуулугун жоготушу аныкталгандыгы тууралуу тийиштүү медициналык мекеменин маалымкатынын көчүрмөсү;
4) кызматкердин өлгөндүгү тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана пайда табуучунун кызматкер өлүмгө учураганда зыянды төлөтүп алууга укугун ырастаган документ;
5) пайда табуучунун керт башын ырастаган күбөлүктүн көчүрмөсү;
6) эгерде бар болсо, камсыздандыруу окуясы болгондо зыянды болтурбоо же азайтуу максатында камсыздандыруучу тарткан чыгымдарды ырастаган тастыктаган документтер.
Камсыздандыруучунун камсыздандырылуучудан же пайда табуучудан кошумча башка документтерди талап кылуусуна жол берилбейт.
3. Пайда табуучулар болуп жабыр тарткан кызматкер (ал өлүмгө учураган учурда - кызматкердин өлүмүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыянды төлөтүп алууга укугу бар адам), ошондой эле камсыздандырылуучу же пайда табуучуга келген зыянды камсыздандыруучунун ушул Мыйзамда белгиленген жоопкерчилигинин өлчөмүнүн чегинде төлөп берген жана камсыздандыруу төлөмүнө укук алган жак эсептелет.
4. Камсыздандыруу төлөмү пайда табуучунун жазуу жүзүндө берген арызы же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каты боюнча ден-соолугун калыбына келтирүүдө ага кызмат көрсөткөн жакка тикелей төлөнүшү мүмкүн.
5. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдө камсыздандыруучу пайда табуучудан анын камсыздандыруучуга талап коюу укугун чектөөчү шарттарды кабыл алууну талап кылууга укуксуз.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-20" title="20-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>