11-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирип алышы мүмкүн болгон кызматкердин пайдасына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруунун ушул түрү боюнча иш-аракет жүргүзүүгө лицензиясы бар камсыздандыруучу менен гана түзүлүшү керек.
Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну тандоодо эркин болот. Камсыздандыруучу жазуу жүзүндө өз жүйөөлөрүн жана негиздерин көрсөтүү менен жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу.
3. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө, камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүү жолу менен түзүлөт.
Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп камсыздандырылуучунун арызы саналат. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш болгон шарттардын толук эместиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруучу тартат. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча анын айрым бир шарттарынын толук эместигинин натыйжасында талаш келип чыккан учурда талаш камсыздандырылуучунун пайдасына чечилет.
4. Камсыздандыруу полиси жоголуп кеткен учурда камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун арызынын негизинде камсыздандыруу полисинин дубликатын берүүгө милдеттүү.
5. Эгерде жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучунун же пайда табуучунун абалын ушул Мыйзамда каралганга салыштырганда начарлаткан шарттарда түзүлсө, камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандыруучу ушул Мыйзамда каралган шарттарга ылайык камсыздандырылуучуга жана пайда табуучуга карата ушул Мыйзамда белгиленген милдеттерди аткарат.
6. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) камсыздандырылуучунун аталышы, жайгашкан жери, банктык реквизиттери;
2) камсыздандырылуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты (ал болсо) жана жашаган жери (эгерде ал жеке жак болсо) же болбосо анын аталышы, жайгашкан жери, банктык реквизиттери (эгерде ал юридикалык жак болсо);
3) камсыздандыруу объектисин көрсөтүү;
4) камсыздандыруу окуясын көрсөтүү;
5) камсыздандыруу суммасынын өлчөмү, камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
6) камсыздандыруу сый акысынын өлчөмү, аны төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
7) келишимдин тараптарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
8) келишимге өзгөртүүлөр киргизүүнүн жагдайлары жана тартиби;
9) келишим түзүлгөн күн жана анын колдонулуу мөөнөтү;
10) камсыздандыруу полисинин номери жана сериясы.
Тараптардын макулдашуусу боюнча келишимге башка шарттар киргизилиши мүмкүн.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-11" title="11-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>