Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат демократиялык принциптерге ылайык жарандык коомдун жана жеке сектордун катышуусу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт жана жүзөгө ашырылат. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
- гендердик тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү, өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
- гендердик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча институционалдык механизмдерди түзүү;
- гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- аялдардын жана эркектердин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы дисбалансты жоюуга багытталган атайын чараларды кабыл алуу;
- өнүктүрүүнүн мамлекеттик, региондук жана жергиликтүү программаларында жана стратегиясында гендердик мамилени интеграциялоо;
- коомду гендердик теңчиликти бузууга багытталган маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн коргоо;
- гендердик теңчиликтин маданиятына тарбиялоо жана аны пропагандалоо;
- эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын гендердик теңчилик маселелерине тийиштүү эларалык милдеттенмелерин аткаруу.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-6" title="6-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>