5-берене. Гендердик басмырлоого тыюу салуу
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 114
Ар башка жыныстагы адамдарга карата ишмердиктин кандай гана чөйрөсүндө болбосун тикелей жана кыйыр гендердик басмырлоого тыюу салынат. Гендердик тикелей басмырлоого төмөнкүлөр кирет:
- үйбүлөлүк абалы, кош бойлуулугу, потенциалдуу кош бойлуулугу жана үйбүлөлүк милдеттеринин себептери боюнча басмырлоо;
- сексуалдык асылуу;
- бирдей бааланган эмгек үчүн бирдей эмес эмгек акы төлөө;
Гендердик кыйыр басмырлоого төмөнкүлөр кирет:
- жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү, маданият аркылуу гендердик стереотиптерди кайрадан жаратуу;
- кандайдыр бир жыныстагы адамдар үчүн залал келтирүү сыяктуу терс кесепеттерге алып келген же алып келе турган шарттарды, талаптарды коюу.
Тикелей же кыйыр басмырлоону жүргүзүп жаткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылат. Төмөнкүлөр гендердик басмырлоо деп эсептелбейт:
- кош бойлуулук, бала төрөө жана бала эмизүү иш-милдеттери менен байланышкан мамилелерди жөнгө салууда айырмачылыктарды белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда эркектерди гана анык мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу;
- ушул Мыйзамдын негизинде укуктук жөнгө салууга жаткан саясий, экономикалык, эмгектик жана башка социалдык мамилелерде анык теңчиликке жетишүүгө багытталган атайын чараларды кабыл алуу;
- кандай болбосун айырмачылыктарды белгилөө, өзгөчө талаптарга негизделген белгилүү бир жумушка жол бербөө же артыкчылык берүү;
- камакта кармоочу жайларда кармоонун, жаза аткаруунун жана укуктук таасир берүүнүн башка чараларынын тартибин жана шарттарын жөнгө салуудагы айырмачылыктарды белгилөө;
- эркектердин жана аялдардын коомдогу социалдык статусун бекемдөөгө, эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган позитивдүү чаралар жана аракеттер.
Гендердик теңчиликти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын жана эларалык укуктун ченемдеринин талаптарына карама-каршы келген, жөнөкөй укуктун, каада-салттын жана маданияттын ченемдерине негизделген адамдардын жүрүш турушуна жол берилбейт. Кыргыз Республикасы өзүнө гендердик басмырлоонун элементтерин камтыбаган элдик үрп-адаттар жана каада-салттарды колдоого алат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"Редакцияларды салыштыруу
17.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…себептери боюнча басмырлоо;
- сексуалдык асылуу;
- бирдей алынып салынды: квалификациядагы кошулду: бааланган эмгек үчүн бирдей алынып салынды: эмгекке ар башкача кошулду: эмес эмгек алынып салынды: акы;
кошулду: акы төлөө;
Гендердик кыйыр басмырлоого төмөнкүлөр кирет:
- жалпыга маалымдоо … тартылат.
Төмөнкүлөр гендердик басмырлоо деп эсептелбейт:
- кошулду: кош бойлуулук, бала төрөө жана алынып салынды: эмчек кошулду: бала эмизүү иш-милдеттери менен байланышкан мамилелерди жөнгө салууда … теңчиликке жетишүүгө багытталган атайын чараларды кабыл алуу;
- алынып салынды: аялдар менен эркектердин эмгегин коргоонун, алардын репродукциялык денсоолугун сактоого байланышкан коргоонун өзгөчөлүктөрү;
- оң аракеттер;
- кошулду: кандай болбосун айырмачылыктарды белгилөө, өзгөчө талаптарга негизделген белгилүү бир алынып салынды: жыныстагы адамдардын гана милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген кесиптик квалификациясына талаптарды коюу.
кошулду: жумушка жол бербөө же артыкчылык берүү;
- камакта кармоочу жайларда кармоонун, жаза аткаруунун жана укуктук таасир берүүнүн башка чараларынын тартибин жана шарттарын жөнгө салуудагы айырмачылыктарды белгилөө;
- эркектердин жана аялдардын коомдогу социалдык статусун бекемдөөгө, эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган позитивдүү чаралар жана аракеттер.
Гендердик теңчиликти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын жана эларалык … камтыбаган элдик үрп-адаттар жана каада-салттарды колдоого алат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 25.11.2015 · № 804 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-5" title="5-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>