7-берене. Гендердик саясаттын аткарылышынын мониторинги жана отчеттуулугу
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 1-глава
Гендердик саясаттын аткарылышынын мониторинги жана анын ишке ашырылышын баалоо Министрлер Кабинети бекиткен гендердик индикаторлордун негизинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жарандык коом тарабынан жүзөгө ашырылат. Гендердик саясаттын ишке ашырылышынын айкындыгы жогоруда көрсөтүлгөн бардык субъектилери менен камсыз кылынат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, Министрлер Кабинети бекиткен тартипте жана атайын тариздердин негизинде гендердик саясатты ишке ашырууга жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча жыл сайын отчет берет жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-7" title="7-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>