25-берене. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Министрлер Кабинетинин компетенциясы
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 114
Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
- гендердик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;
- эл аралык милдеттенмелерге ылайык, ар кыл социалдык топтор үчүн мыйзамда белгиленген жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган гендердик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча атайын чараларды ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасында коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат жана аны жүргүзүүнү камсыз кылат;
- гендердик тең укуктуулукту жүзөгө ашыруу боюнча республикалык максаттуу программаларды түзөт, алардын аткарылышын камсыз кылат;
- республикалык бюджеттин, бюджеттен тышкаркы булактардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын эсебинен гендердик теңчилик жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылайт;
- гендердик теңчиликти коргоо жана камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бийликтин аткаруучу органдарынын ишине багыт берет жана контролдук жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын гендердик теңчилик жаатында иштердин абалы жөнүндө жыл сайын берген отчетту даярдайт.
(КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 97, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2011 года № 97 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях равных прав и равных возможностей для мужчин и женщин""Редакцияларды салыштыруу
17.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча алынып салынды: Өкмөттүн
кошулду: Министрлер Кабинетинин компетенциясы
алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
- гендердик саясаттын негизги … жыл сайын берген отчетту даярдайт.
(КР 2011-жылдын 14-июлундагы № алынып салынды: 97 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 97, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык…Постановление · 20.11.2024 · № 705
- КР Президентинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.04.2012 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2012 · № 268 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-25" title="25-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>