Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Гендердик саясат жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 114
Гендердик саясат жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында:
- бирдиктүү мамлекеттик гендердик саясатты жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган улуттук саясатты ишке ашыруу боюнча ишмердикти координациялайт;
- гендердик өнүктүрүү жаатында маалыматтык жана агартуучулук ишмердикти камсыз кылат;
- улуттук саясатка жана мамлекеттик программаларга гендердик индикаторлордун негизинде гендердик мамилелердин киргизилишин камсыз кылат;
- мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гендердик экспертиза жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- турмуштун бардык социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликке жана тең укуктуулукка жетишүүнү камсыз кыла турган механизмдерди түзүүгө көмөктөшөт;
- гендердик теңчиликти бузуулардын бардык фактыларын каттоону жана мындай статистиканы кийин мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү менен эсебин жүргүзөт;
- гендердик теңчиликтин бузулушу жөнүндө талаштарды чечүү боюнча органдардын ишин координациялайт;
- гендердик теңчилик жаатында бул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча мониторингди системалуу жүзөгө ашырат;
- бул Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө жыл сайын отчет түзөт жана аны жарыялайт, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жиберет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"Редакцияларды салыштыруу
17.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылат; - улуттук саясатка жана мамлекеттик программаларга гендердик кошулду: индикаторлордун негизинде гендердик мамилелердин киргизилишин камсыз кылат; - мыйзамдарга жана ченемдик … гендердик теңчиликти бузуулардын бардык фактыларын каттоону жана кошулду: мындай статистиканы кийин мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү менен эсебин жүргүзөт; - гендердик теңчиликтин бузулушу жөнүндө талаштарды … эларалык милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча мониторингди кошулду: системалуу жүзөгө ашырат; - бул Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө жыл сайын отчет … жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жиберет. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-26" title="26-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>