6-берене. Азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү маалымат, мониторинг жана талдоо
Күчүндө · 31.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 октября 2025 года № 248
1. Азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү маалымат, агроөнөржай комплексинин абалына мониторинг жана талдоо жүргүзүү өзүнө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун жана азык-түлүктөн көз карандысыздыгынын деңгээлин эсептөөнүн негизги тутуму, ошондой эле негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү пландаштыруу үчүн база болуп саналган Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк өндүрүүнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинин балансын жана ал жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт;
- тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн абалын, азык-түлүктүн жана айыл чарба, азык-түлүк өнүмдөрүн өндүрүүнүн керектүү жана иш жүзүндөгү деңгээлинин жалпы мамлекеттик жана региондук балансын;
- агроөнөржай комплексинин өнүгүү абалын;
- азык-түлүктүн өндүрүлгөн жана алын келинген көлөмдөрү, анын кыймылы, баасы, сапаты, ошондой эле календардык жыл ичинде керектөө динамикасы жөнүндө маалыматтарын;
- айыл чарба сырьесунун жана азык түлүктүн ички рыногунун абалы жана өнүгүү тенденциясын;
- мамлекеттик материалдык резервдин болушун жана көлөмүн;
- мамлекеттик материалдык резервди сактоо үчүн кампа жайларынын болушун жана абалын;
- азык-түлүктүн, айыл чарба өнүмдөрүн жана кошо сатылуучу товарлардын дүң соодасын;
- калктын айрым топторунун сатып алуу жөндөмдүүлүгүн;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана максаттуу программалардын, келишимдердин, макулдашуулардын жана иш-чаралардын аткарылышын;
- Кыргыз Республикасында колдонулуучу техникалык регламенттердин, эларалык, мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин болушун, ошондой эле тийиштүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу ченемдик укуктук актыларды;
- азык-түлүк коопсуздугунун абалын илимий талдоо.
2. Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги (базалык) тамак-аш азыктарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
3. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалыматтарды топтоо, мониторинг жана талдоо үчүн жоопкерчилик айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 31 октября 2025 года № 248 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О продовольственной безопасности Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 февраля 2017 года № 28 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О продовольственной безопасности Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу ченемдик укуктук алынып салынды: актыларды.
кошулду: актыларды;
- азык-түлүк коопсуздугунун абалын илимий талдоо.
2. кошулду: Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги (базалык) тамак-аш азыктарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берүүнүн алынып салынды: тартибин кошулду: тартиби Министрлер Кабинети алынып салынды: белгилейт.
кошулду: тарабынан белгиленет.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № … 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 кошулду: , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 03.03.2009 · № 138
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-февралындагы № 179-V "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу…Постановление · 17.02.2011 · № 179-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө"токтомуПостановление · 22.04.2009 · № 242 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202397/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>