Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 8 сентября 2023 года № 455 "О государственном регулировании цен на социально значимые товары"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 22-апрели № 242 Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 14-августундагы № 561, 2014-жылдын 10-январындагы № 16, 2014-жылдын 4-ноябры № 628, 2015-жылдын, 20-ноябрындагы № 789, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине, Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-пунктуна ылайык, социалдык жактан маанилүү товарларына баалардын өсүү темпин токтотуп туруу, калктын социалдык аялуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябры № 628, 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомдорунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ички рыногунда мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмеси (мындан ары Тизме);
- социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартиби.
2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- социалдык жактан маанилүү товарларынын негизги түрлөрүн берүү бааларына дайыма мониторинг жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жума сайын тиешелүү маалымат берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561, 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
41. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары:
- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябры № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
- социалдык жактан маанилүү негизги товарларын сатуу боюнча базарлардагы жагдайга, анын ичинде облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөтүнүн маалыматтарынын негизинде байкоо жүргүзүшсүн;
- социалдык жактан маанилүү товарларга баалар бир айдын ичинде 20 же андан көп пайызга жогорулаган учурда бул товарлардын бааларын кармап туруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомунун редакциясына ылайык) 4-2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, башка шаарлардын жана айыл аймактарынын аткаруучу органдарына:
- өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн социалдык жактан маанилүү негизги азык-түлүк товарларын сатуу жарманкелерин, аларды өткөрүү үчүн шарт түзүү менен уюштуруу;
- социалдык жактан маанилүү негизги товарларынын бааларын кармап туруу маселелери боюнча калктын жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Социалдык жактан маанилүү товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин сактоону контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561, 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өткөргөн мониторингдин, анализдердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан киргизилген сунуштардын, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө - Тизмеге киргизилген товарларынын айрым түрлөрүнө бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө, эгерде баанын өсүшү бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызды түзө турган болсо; Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешине кризисинин коркунучу пайда болгон учурда Тизмеге киргизилген азык-тγлγк товарларга бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же токтотуу жөнүндө. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561, 2014-жылдын 10-январындагы № 16 , 2014-жылдын 4-ноябры № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бѳлγмγнѳ жана ѳнѳр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бѳлγмγнѳ бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябры № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
И.Чудинов
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Биринчи сорттогу буудай уну
2. Биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктары (тандыр нан)
3. 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт, быштак
4. Өсүмдүк (күн карама) майы
5. Каймак май (туздалбаган, 72%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз)
6. Чай (кара, көк)
7. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти, канаттуулардын эти)
8. Тоңдурулган бүтүн, тазаланган жана тазаланбаган балык (карп, сельд, скумбрия, лосось тукумдары)
9. Кумшекер
10. Йоддолгон аш тузу
11. Күрүч
12. Гречка
13. Таруу
14. Макарон азыктары
15. Тоок жумурткасы
16. Балдардын азыгы (кургак сүт жана каша)
17. Жашылчалар (картошка, пияз, сабиз, ак кочан капуста, помидор, бадыраң, сарымсак)
18. Жер-жемиштер (алма)
19. Көмүр
20. Аи-80 жана Аи-92 маркаларындагы бензин, дизель майы
21. Суюлтулган газ
22. Жасалма булалардан токулган жибек кездемелери
23. Тигүү үчүн жиптер
24. Минералдык жер семирткичтер
25. Тоюттар (чөп, саман, аралаш тоют, жем, эгин тоюттары)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 27 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (27)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 455
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасында грек жаңгагын культивациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.01.2020 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына дүң-өткөрүү жана чекене бааларды…Порядок · 22.04.2009 · № 205
- Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы №651 токтомуна)Порядок · 21.11.2022 · № 651
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 651 "Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартибин…Постановление · 21.11.2022 · № 651
- ПРИКАЗ КОМЕНДАТУРЫ ГОРОДА БИШКЕК от 9 апреля 2020 года № 32пр "О принятии дополнительных мер по обеспечению продовольственной безопасности на территории города Бишкек"Приказ · 09.04.2020 · № 32
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 155 "Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү…Постановление · 13.03.2020 · № 155 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 837 "2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 837 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.11.2017 · № 745 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 184 "Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө"Постановление · 04.05.2021 · № 184 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 594 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү…Постановление · 02.11.2022 · № 594 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин…Постановление · 17.02.2012 · № 105 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 "Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2015 · № 78 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2014 · № 628 · Күчүн жоготкон
- ПРИКАЗ КОМЕНДАТУРЫ ГОРОДА БИШКЕК от 4 апреля 2020 года № 25пр "О координации мероприятий государственных органов по борьбе с распространением коронавирусной инфекции на…Приказ · 04.04.2020 · № 25 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 396 "Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча…Постановление · 23.06.2015 · № 396 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 155 токтомуПостановление · 13.03.2020 · № 155
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.10.2021 · № 209 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-майындагы № 184 токтомуПостановление · 04.05.2021 · № 184
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтомуПостановление · 11.10.2021 · № 209
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөЗакон · 20.03.2002 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 455
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым…Постановление · 14.08.2012 · № 561 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды…Постановление · 20.11.2015 · № 789 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон