35-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148
1. Ушул конституциялык Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. (КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 76 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-1. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2-2. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2-3. (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2-4. Ушул конституциялык Мыйзамдын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстук тандоону өткөрүү үчүн судьянын бош кызмат орду болушу бөлүгүндөгү ченемдери 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүчү конкурстук тандоо учурларына жайылтылбайт. 2-5. Судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкан, бирок андан өтпөй калган же өткөн, бирок судьянын кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судья ээлеп турган кызмат ордунан "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык ээлеп турган кызмат ордуна башка судьянын шайланышына же дайындалышына байланыштуу, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан бошотулат. Ушул конституциялык Мыйзамдын 33-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн жоболору судьянын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышкан, бирок андан өтпөй калган же өткөн, бирок судьянын кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судьяга жайылтылбайт. Ушул конституциялык Мыйзамдын 271-беренесин колдонуу ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.
3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 96-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 4, 95-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 177-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 577-ст.).
4. Сот органдарына жана судьялык өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
6. Ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинин 31, 32-бөлүктөрү көрсөтүлгөн бөлүктөрдө айрым аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салган Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
7. Полиграфологиялык изилдөөдөн өтүүнүн тартиби аны ишке ашыруу үчүн көз карандысыз уюмдарды милдеттүү түрдө тартуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процессине жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетүүсүн камсыз кылуу менен Өкмөт тарабынан белгиленет.
(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2013-жылдын 11-июлундагы № 130, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 28 июля 2017 года № 148 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 11 июля 2013 года № 130 "О внесении изменения и дополнения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 26 мая 2012 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 января 2010 года № 6 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О статусе судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…№ 41 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-3. алынып салынды: Ушул кошулду: (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык алынып салынды: Мыйзамдын 27-1-беренесинин колдонулушу ушул конституциялык Мыйзамдын 27-1-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин бошотулган же ыйгарым укуктары токтотулган Кыргыз Республикасынын судьяларына жайылтылат.
кошулду: Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-4. Ушул конституциялык Мыйзамдын бош кызмат ордун ээлөөгө … дайындаган орган тарабынан бошотулат.
Ушул конституциялык Мыйзамдын алынып салынды: 27-1-беренесинин, 33-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацынын, 5 жана … кызмат ордуна шайланбай же дайындалбай калган судьяга жайылтылбайт.
кошулду: Ушул конституциялык Мыйзамдын 271-беренесин колдонуу ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.
3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр … Өкмөтү өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
кошулду: 6. Ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинин 31, 32-бөлүктөрү көрсөтүлгөн бөлүктөрдө айрым аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салган Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
7. Полиграфологиялык изилдөөдөн өтүүнүн тартиби аны ишке ашыруу үчүн көз карандысыз уюмдарды милдеттүү түрдө тартуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процессине жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетүүсүн камсыз кылуу менен Өкмөт тарабынан белгиленет.
(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 6 Мыйзамынын, КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2013-жылдын 11-июлундагы № алынып салынды: 130 кошулду: 130, 2017-жылдын 28-июлундагы № 148 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун…Постановление · 29.03.2018 · № 170
- КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 76 "Д.М.Ибраев, К.К.Омурканов жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.03.2010 · № 76
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 170 токтомуПостановление · 29.03.2018 · № 170
Берене шилтеме берет
- 33-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
- 211-берене
- 271-берене
Беренеде аталган актылар (7)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
- О порядке аттестации судей местных судов Кыргызской РеспубликиЗакон · 04.12.1999 · № 137 · Күчүн жоготкон
- О статусе судов Кыргызской РеспубликиЗакон · 08.10.1999 · № 105 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 13.06.2011 · № 41 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2017 · № 148 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 24.06.2021 · № 76 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202352/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>