КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин полиграфологиялык изилдөөдөн өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-беренесинин 7-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин полиграфологиялык изилдөөдөн өтүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди полиграфологиялык изилдөөдөн өткөрүүнү уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- 2018-жылга полиграфологдун кызматтарын мамлекеттик сатып алууну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынан каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча 2019-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте полиграфологдун кызматтарын мамлекеттик сатып алуу үчүн акча каражаттарын карасын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон