48-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кепилдиктери жана реабилитациялоо боюнча милдеттер
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга реабилитациялык иш чараларды өткөрүүнү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго интеграциялоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү кепилдигин берет. Төмөндөгүлөр реабилитациянын негизги милдеттери болуп эсептелет:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын көп профилдүү реабилитациясы боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу, социалдык жактан колдоону күчөтүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын турмуш шарттарын жакшыртуу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык квалификациялык медициналык-санитардык, психологиялык-социалдык, социалдык-педагогикалык жактан, коомдо жана үй-бүлөдө жашоого, окууга жана эмгектенүүгө жардам көрсөтүү;
- социалдык жактан коргоо кызматынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башка жарандар менен бирдей конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда алардын мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн реабилитация системасын түзүү, ошондой эле аларды коомго интеграциялоо.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга акысыз берилүүчү жана мамлекет тарабынан кепилдик берилүүчү реабилитациялык иш чаралардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик базалык реабилитациялоо программасы менен аныкталат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бузуп же жоготуп алган организминин функцияларынын, өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүктөрүнүн, кесиптик иштин ар кандай түрлөрүнө жөндөмдүүлүктөрүнүн калыбына келишине же компенсацияланышына багытталган, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга толук кандуу өмүр сүрүүгө мүмкүндүк берүүчү жана алардын укуктары менен колдон келүүчү мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруучу иш чаралардын комплексин көрсөткөн медициналык, кесиптик жана социалдык реабилитациялоо системасынын бутуна турушун, өнүгүшүн мамлекет уюштурат жана ага түрткү берет. Мамлекет медициналык, кесиптик жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык, кесиптик жана социалдык жактан реабилитациялоо, майыптыктын алдын алуу жагынан илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, адистерди даярдоону каржылайт жана уюштурат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-48" title="48-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>