49-берене. Социалдык реабилитациялоонун түрлөрү
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Мамлекет реабилитациялоо иш чараларын жүзөгө ашырууда комплекстүү ыкманы камсыз кылат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан реабилитациялоо көп кырдуу болуп эсептелет жана өзүнө медициналык, психологиялык, педагогикалык, билим берүү, социалдык-чөйрөлүк, социалдык-эмгектик, социалдык-маданий реабилитацияны камтыйт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун негизги багыттары төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
- калыбына келтирүүчү медициналык иш чараларды, протездөөнү, санаториялык-курорттук дарылоону;
- кесиптик багыт берүүнү, окутууну жана билим берүүнү, жумушка орношууга көмөк көрсөтүүнү, өндүрүшкө көнүп кетүүнү;
- социалдык-чөйрөлүк, социалдык-педагогикалык, социалдык-психологиялык жана социалдык-маданий реабилитациялоону, социалдык-тиричилик жактан көнүп кетүүнү;
- дене тарбия-сакайтуу иш чараларын, спортту.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-49" title="49-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>