47-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды турак жай менен камсыз кылуу. Турак жайларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын киришине жана пайдаланышына ылайыкташтыруу
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болушкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана өзүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар үй-бүлөлөр эсепке алынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак жай менен камсыз кылынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ээлеп турушкан турак жайлар атайын каражаттар жана жекече реабилитациялоо программасына ылайык шаймандар менен жабдылат. Аталган турак жайларды жабдуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, турак жай фонду карамагында турган юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашап жатышкан жетим же ата-энесинин камкордугунун кароосунан ажыраган балдар 18 жашка чыккандан кийин, эгерде жекече реабилитациялоо программасы өзүн өзү тейлөөнү жана өз алдынча жашай алуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала караштырса, кезексиз турак жай менен камсыз болушат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-47" title="47-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>