33-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алууга жетишүүсүн жана кесиптик жактан даярдалышын камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалымат, билим алышы жана кесиптик жактан даярдалышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү кепилдигин берет. Билим берүү мекемелери социалдык жактан коргоо органдары жана саламаттык сактоо органдары менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын мектепке чейин, мектептен тышкары тарбияланышын жана билим алышын, жалпы орго, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алышын жекече реабилитациялоо программасына ылайык камсыз кылышат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана алардын балдарын мамлекеттик билим берүү мекемелеринде тарбиялоо, окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу үчүн төлөмдөргө жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды керек болгон кесиптик жана эмгек ыкмаларына үйрөтүү максатында жекече реабилитациялоо программасына ылайык жана мамлекеттик мекемелер тарабынан кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү мүмкүн болбосо, тиешелүү профилдеги реабилитациялык борборлордон социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга укуктуу.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 03.07.2013 · № 397 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-33" title="33-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>