30-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгек шарттары
Күчүн жоготкон · 08.08.2025 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2025 года № 191.
Иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жумуш берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жекече реабилитациялоо программасына ылайык, анын ичинде аларды өндүрүштө кесипке үйрөтүү жана үй шартында аткарылуучу эмгекти уюштуруу аркылуу эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү. Башка кызматкерлерге салыштырганда, макулдашуулар менен жамааттык келишимде, эмгек келишиминде белгиленүүчү эмгек шарттары, анын ичинде акы төлөө, жумуш убактысынын режими жана эс алуу убактысы, жыл сайынкы өргүүнүн узактыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын начарлатууга же укуктарын чектөөгө тийиш эмес. I жана II топтогу денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш убактысынын узактыгын кыскартуу - жумасына 36 сааттан көп эмес же кызматкер менен макулдашуу боюнча башка режим белгиленет. Мында I жана II топтогу денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ар күндүк жумуш убактысынын узактыгы 7 сааттан ашпашы керек. Жумуш убактысынын суммаланган эсебин колдонгонго болбойт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды белгилүү убакыттан ашык иштетүүгө, демалыш күндөрүндө жана түнкүсүн жумушка тартуу алардын макулдугу менен жана мындай жумушка медициналык корутундуда тыюу салынбаган шартта гана жол берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишсапарына жөнөтүү алардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Жумуш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жумуш аткаруу нормаларын алардын ден соолугунун абалына карата азайтканга укуктуу. Тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын толук эмес жумуш убактысынын режими, аткара турган жумуштун көлөмүн азайтуу жана иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башка эмгек шарттары жөнүндөгү корутундусу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет. 31-берене. Эмгек майыптыгы менен байланышкан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгектениши Ошол уюмдан эмгек мертинүүсүнүн кесепетинен майыптык алышкан же кесиптик дартка чалдыккан кызматкерлер үчүн жумуш берүүчүлөр жаңы жумуш орундарын бөлүүгө же түзүүгө милдеттүү. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган талаптарды аткарбай, бул кызматкерлер менен эмгек келишимин токтоткон учурда жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Пенсияга чыкканга чейин жумуш берүүчүдө иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар башка кызматкерлердей эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган медициналык жактан тейлөөгө, турак-жай менен камсыз болууга, ден соолукту чыңдоочу жана профилактикалык мекемелерге жолдомо алууга, ошондой эле социалдык жактан башка тейлөөлөрдөн жана жеңилдиктерден пайдалануу жагындагы колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу укугун сактап калышат. Жумуш берүүчү өзүнүн каражаттарынын эсебинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, бирөөнүн жардамына муктаж болгон жалгызбойлордун пенсияларына кошуп берүүгө жана кошумча төлөөгө, ошондой эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган дагы башка жеңилдиктерди берүүгө укуктуу. 32-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ишкердик иштери Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар юридикалык жакты түзүү аркылуу жана түзбөстөн ишкердик менен алектенүүгө укуктуу. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жекече эмгектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга аталган иш үчүн турак жай эмес жайларды берүү, сырьену алуу жана продукцияны сатуу жагынан зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө милдеттүү. Ишкердик иш менен алектенген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган жеңилдиктерден пайдаланганга укуктуу.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202329/st-30" title="30-берене - Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>