Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 2-июну № 108
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2008-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизил-
син:
1. 8-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура жана курулуш бо-
юнча мамлекеттик орган тарабынан башкарылууга жана көзөмөлдөнүүгө ти-
йиш.
Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын аймактык
бөлүмчөлөрүнүн ишин координациялоо жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандары тарабынан жүзөгө ашырылат жана аларга бекитилген шаар куруу до-
кументтерин сактоонун жоопкерчилиги жүктөлөт.".
2. 36-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы", акысыз 15 күндүн
ичинде" деген сөздөр "акысыз 10 күндүн ичинде" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
3. 39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39-статья. Курулуш ниеттерин ишке ашыруу тартиби
1. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук
өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна жер участокторуна жана башка кый-
мылсыз мүлк объекттерине, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү белгилөөчү тартипте менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же
мөөнөтсүз пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар ээ болушат.
2. Жарандар өзүмдүк турак үй куруу үчүн алышкан жер участокторуна
курулуш куруу "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген
тартипти бузуу менен объекттерди курууга жол берилбейт.".
4. 41-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41-статья. Курулуш объекттерин пайдаланууга кабыл алуу
Курулган объект, аны курууга уруксат берген ыйгарым укуктуу орган
кабыл алгандан кийин пайдаланууга берилет.
Объектти пайдаланууга кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү бекитүүчү жобо менен аныкталат.
Курулуш объекттерин кабыл алынмайынча пайдаланууга жол берилбейт.
Объектти пайдаланууга кабыл алуу актысы кыймылсыз объектке укукту
мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Шаар куруу кодексинин долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2013 · № 711 · Күчүн жоготкон
- "Бирдиктүү терезе" принцибин жүзөгө ашыруу үчүн долбоорлоого жана курулушка уруксат берүү документтерин алуу үчүн бланктардын, арыздардын бирдиктүү формасын бекитүү жөнүндө…Приказ · 10.06.2008 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26-ноября 2008 года №648 "Об итогах социально-экономического развития Кыргызской Республики за 9 месяцев 2008 года"Постановление · 26.11.2008 · № 648 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндөЗакон · 21.12.1991 · № 689-XII