18-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 декабря 2009 года № 317
Аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюш- туруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өзалдынча баш- каруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкү маселелер берилет:
1) тийиштүү аймакты экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоо курулуштар система-
сынын ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерде жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин камсыз кылуу жана ырым-жырым кызматтарын
көрсөтүү;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди ыњгайлаштыруу жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулуштардын жана эс алуу жайлардын иш-
тешин камсыз кылуу;
11) тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок
кылууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу
конуштардын чегараларында коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый ажайып жайларды
коргоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканаларды уюштуруу жана иштешин
камсыз кылуу;
15) калктуу конуштун тийиштүү аймагында жерди пайдалануу жана ку-
рулуш куруу эрежелерин белгилөө;
16) тийиштүү калктуу конуштун аймагында Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык жарнамаларды жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүү;
19) эс алууну уюштуруу үчүн шарт түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү
уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шартты
камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын залалдарын жоюуга
көмөк көрсөтүү;
23) тийиштүү аймакта жылуулук менен камсыз кылууну уюштуруу.
24) аларга даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында жакыр
үй-бүлөлөрдү табуу;
25) айыл жериндеги балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө
ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарга муктаждык даражасын Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү белгилеген тартипте баштапкы аныктоо. (КР 2009-жылдын 25-декабрындагы №317 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 25 декабря 2009 года № 317 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении и местной государственной администрации""Редакцияларды салыштыруу
25.12.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тийиштүү аймакта жылуулук менен камсыз кылууну уюштуруу. кошулду: 24) аларга даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында жакыр үй-бүлөлөрдү табуу; 25) айыл жериндеги балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарга муктаждык даражасын Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү белгилеген тартипте баштапкы аныктоо. (КР 2009-жылдын 25-декабрындагы №317 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- Ак-Суу айылдык кенешинин 2021-жылдын 5-февралындагы №184 ”Ак-Суу-Суу” ИСКАКБ нын 2021-жылга тарифин жана штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 05.02.2021 · № 184
- Баткен шаардык кенешинин 2009-жылдын 30-сентябрындагы №9-12 "Баткен шаарынын «Элита» шаарчасынын башкы планына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 30.09.2009 · № 9-12
- Указ Президента КР от 5 августа 2003 года УП № 260 " О назначении выборов депутатов Ошского городского кенеша"Указ · 05.08.2003 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 5-декабрындагы № 542 "Бишкек шаарындагы автотоктотмолорду жана автокоюларды уюштурууга байланышкан маселелер жөнүндө "токтомуПостановление · 05.12.2008 · № 542 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-апрели № 340-V "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуПостановление · 21.04.2011 · № 340-V · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202310/st-18" title="18-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>