Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу „Кыргызтуракжайкоммунбирлик“ мамлекеттик ишканасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 4 февраля 2016 года № 239-VI "О признании утратившим силу постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики № 340-V от 21 апреля 2011 года "О государственном предприятии "Кыргызжилкоммунсоюз" при Министерстве энергетики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-02-04.
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 4-февралындагы № 239-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-апрели № 340-V Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасы жөнүндө "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасын жоюу. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 23-пунктуна ылайык "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасынын иш-милдеттери өз алдынча башкаруунун жергиликтүү органдарына өткөрүлүп берилсин, анткени бул маселе Мыйзам менен бийликтин жергиликтүү органдарынын компетенциясына таандык кылынган;
- ишканага бекитилип берилген жана иш-милдеттерин аткаруу үчүн ишканалар, уюмдар тарабынан өткөрүлүп берилген жана өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында сатылып алынган мүлктү жана материалдык баалуулуктарды каттап-тизмектөөнү жүргүзсүн;
- жылуулук менен жабдууну камсыз кылуу үчүн 2011-2012-жылдарга "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасына бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды областтар жана республикалык маанидеги шаарлар боюнча бөлүп берүүгө, аларды жеринде жылуулук менен жабдууну уюштурууну субсидиялоо үчүн областтар менен Бишкек жана Ош шаарларынын каржы башкармалыктарынын эсептерине 2011-жылдын 30-майына чейин которуп берүүгө милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата мурда козголгон жазык иштери боюнча тергөөнү аяктасын;
- аларды тергөөнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.А.Арапбаев) жүктөлсүн.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-июлундагы № 01-05/105 “Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчике өткөрүү сунушун кароо жөнүндө” токтомуПостановление · 08.07.2014 · № 01-05/105
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 4-февралындагы № 239-VI "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасы жөнүндө"…Постановление · 04.02.2016 · № 239-VI
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 4-февралындагы № 239-VI "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасы жөнүндө"…Постановление · 04.02.2016 · № 239-VI
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон