Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын «Элита» шаарчасынын башкы планына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2009-жылдын 30-сентябры №9-12 Баткен шаарынын «Элита» шаарчасынын башкы планына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар» жѳнүндѳгү 2008-жылдын 29-майындагы №99 Мыйзамынын 18-статьясына ылайык жана И.Жусупов кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Элита» шаарчасындагы Баткен шаарынын мэриясынын административдик имаратына калтырылган жер аянтына мэриянын административдик имараты батпагандыгына байланыштуу жер ажаштыруу зарылдыгы келип чыккандыктан жер аянттарынын сатып алышкан жер ээлеринин кат түрүндѳгү макулдуктарынын негизинде Баткен шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын И.Жусупов кѳчѳсүндѳгу «Элита» шаарчасынын башкы планына тѳмѳнкү тартипте ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин.
!)Жеке ишкер Минбаев Шарипке таандык №8 ресторан куруу учун калтырылган 0,24 аянты мэриянын имаратын куруу үчүн Башкы план ѳзгѳртүлүп берилсин.
2) Жеке ишкер Ходжев Жумабайга таандык №9 тейлѳѳ уйу учун бѳлүнүп берилген -жеке ишкер Абдрасулова Рахатка таандык мончо-сауна үчүн бѳлүнүп берилген -0,12 жep (бириктирилип) жеке ишкер Минбаев Шарипке жалпысынан 0,24 га жер аянты ресторан куруу үчүн башкы план ѳзгѳртүлүп берилсин.
3) Бүгүнкү күндѳ дүкѳн жана офис учун калтырылган -0,08 га жер аянты баня сауна үчүн жеке ишкер Абдрасулова Рахатка башкы план ѳзгѳртүлүп берилсин
4) Бүгүнкү күндѳ ашкана үчүн калтырылган -0,08 га жер аянты тейлоо үчүн куру учун ишкер Ходжаев Жумабайга башкы план ѳзгѳртүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун юридикалык жактарын камсыз кылуу жагы Баткен шаардык архитектура жана курулуш бѳлүмүнѳ жана Баткен шаардык жерди мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү жана жерге жайгаштыруу бѳлүмүнѳ жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы курулуш, ѳнѳр жай коммуникация маселелери боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы
М.Султанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон