Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Кыргыз банкынын пайдасы жана резервдери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Кыргыз банкынын пайдасы ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык, алынган мезгил ичинде орун алган бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алгандан кийин, финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
2. Ушул статьянын 4-пунктуна ылайык ишке ашырылуучу пайда бөлүштүрүүдө пайданын финансылык жыл жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылбаган бөлүгүн кемиткендеги пайда же зыян катары аныкталуучу жүзөгө ашырылган бөлүгү бөлүштүрүүгө жатат. Пайданын жана зыяндын жүзөгө ашырылбаган бөлүгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоодон кийинки жүзөгө ашырылбаган кирешелерден жана чыгашалардан турат жана ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык аныкталат. Жүзөгө ашырылбаган бөлүк финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча пайдадан же зыяндан кемитилип салынат жана ушул статьянын 4-пунктуна ылайык ишке ашырылуучу пайда бөлүштүрүүгө чейин активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдерге которулат.
3. Эгерде пайданын жана зыяндын жүзөгө ашырылбаган бөлүгүн ушул статьянын 2-пунктуна ылайык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдерге которуунун натыйжасында бул резерв терс калдыктарга ээ боло турган болсо, анда бул терс калдыктын бардыгы ушул статьянын 4-пунктуна ылайык жүргүзүлүүчү бөлүштүрүлүүчү пайдага киргизилиши керек.
4. Кыргыз банкынын ушул статьянын 2- жана 3-пункттарын эске алуу менен эсептелген пайдасы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
1) финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз банкынын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервинин суммасы Кыргыз банкынын монетардык милдеттенмелеринин 10 пайызынан кем болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесине пайданын 70 пайызы чегерилет. Пайданын мамлекеттик бюджеттин кирешесине чегерилгенден кийинки калдыгы Кыргыз банкынын милдеттүү резервине которулат;
2) финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдердин суммасы Кыргызстан банкынын монетардык милдеттенмелеринин 10 пайызына барабар же андан ашык болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесине пайданын 100 пайызы чегерилет, ошондой эле милдеттүү резервдин каражаттарынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн ашып кеткен сумманын үчтөн бир бөлүгү чегерилет, бирок ошол резервдин калдыгынын чегинде.
Пайданы которуу финансы жылы аяктаганда, көзкарандысыз тышкы аудит жүргүзгөндөн кийин жана жылдык отчетту Кыргыз банкынын башкармасы бекиткен соњ жүзөгө ашырылат. Бул статьяны аткаруу максаттары үчүн Кыргыз банкынын монетардык милдеттенмелери төмөнкүлөрдөн турат: Кыргыз банкы тарабынан жүгүртүүгө чыгарылуучу банкноттордон жана монеталардан; акча-кредиттик жөнгө салуу каражаттары боюнча финансылык милдеттенмелерден; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата кайсы болбосун башка финансылык милдеттенмелерди алып салганда, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин Кыргыз банкында ачылган эсептеринен, Кыргыз Республикасынын резидент эмес банктарынын Кыргыз банкында улуттук валютада ачылган эсептеринен.
5. Эгерде Кыргыз банкы финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул статьянын 2 жана 3-пункттарын эске алуу менен чыгым болсо, анда бул чыгымдын орду төмөндөгүдөй ырааттуулукта толтурулат:
1) өзүнүн калдыгынын чегинде милдеттүү резерв аркылуу;
2) өзүнүн оњ калдыгынын чегинде, активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв аркылуу.
6. Эгерде Кыргыз банкынын финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул статьянын 2- жана 3-пункттарын эсепке алуу менен, милдеттүү резерв жана активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв аркылуу орду толтурулбоочу зыяны бар болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү капиталды ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмгө чейин толтуруу үчүн акча каражаттарын Кыргыз банкына тикелей чегерүү аркылуу бул зыяндын ордун толтуруп берет.".
7. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-статья менен толукталсын:
"32-1-статья. Кыргыз банкынын кызмат адамдарын жана кызматкерлерин, ошондой эле Кыргыз банкы тарабынан дайындалган башка адамдарды укуктук коргоо
1. Кыргыз банкынын кызмат адамы же кызматкери, ошондой эле ушул Мыйзамда же "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен берилген милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн Кыргыз банкы тарабынан дайындалган кайсы болбосун адам, эгерде ошол адам билип туруп, одоно калпыстыктан же болбосо шалакылыктан улам укукка сыйбаган аракеттерди (аракетсиздикти) жасагандыгы далилденсе гана, кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө же болбосо адис катары чечмелеген учурда келтирген зыяны үчүн кайсы болбосун башка жактын алдында кылмыш-жаза, административдик же башка жоопкерчилик тартат,.
2. Банкка же Кыргыз банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка финансы-кредиттик мекемелерге лицензия (күбөлүк) берүү, ошондой эле лицензияга (күбөлүккө) ылайык алардын өз ишмердигин жүзөгө ашырышы ошол банктын, финансы-кредиттик мекеменин төлөөгө жарамдуулугу жөнүндө Кыргыз банкынын кепилдиги катары каралбайт.
3. Банктын же Кыргыз банкынан лицензия алган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган финансы-кредиттик мекеменин ишмердигин төлөөгө жарамсыздыгынын, сервацияланышынын, жоюлушунун (ыктыярдуу же мажбурлап) натыйжасында чыгымга учуроосу бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз банкынын, Кыргыз учуроосу бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз банкынын, Кыргыз банкынын кызмат адамдарынын, кызматкерлеринин жана Кыргыз банкы тарабынан дайындалган адамдардын жоопкерчилигинин келип чыгуусуна алып келбейт.".
8. 43-статьяда:
1-пунктта: пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын: "10) кирешелер жана чыгашалар бюджетин жана өнүктүрүү бюджетин кошо алганда Кыргыз банкынын бюджети;"; 10 жана 11-пунктчалар тиешелүү түрдө 11 жана 12-пунктчалар деп эсептелсин. 2- пунктта: пункт төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын: "8) жана банктардын жана Кыргыз банкынан лицензия алышкан башка финансы-кредиттик мекемелердин инсайдерлери болуп саналышкан адамдардын жакын туугандары (жарандык мыйзамдарга ылайык мыйзам боюнча биринчи кезектеги мураскорлору) болбоого тийиш кызматкерлердин Тизмегин аныктайт;"; 8-пунктча тиешелүү түрдө 9-пунктча деп эсептелсин.
9. 45-статьянын 1-пунктундагы "эки палатасынын" деген сөздөр алынып салынсын.
10. 48-статьянын 1-пунктунда:
пункт төмөнкүдөй мазмундагы 1-пунктча менен толукталсын: "1) Жергиликтүү кењештердин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты боло албайт, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлана албайт;"; 1, 2 жана 3-пунктчалар тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4-пунктчалар деп эсептелсин.
11. 50-статьяда:
1-пункт "баалуулуктарга" деген сөздөн кийин "өзалдынча" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пунктта: пункт "чегинен ашкан иштерди жасоого," деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик программалардын чегинде Кыргыз банкынын негизги милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында юридикалык жактардын капиталына катышуу учурун кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын. пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз банкы моралдык жактан эскирген, пайдаланылбаган же Кыргыз банкынын же анын кызматкерлеринин ишмердигин камсыз кылуу үчүн жараксыз товардык материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүүгө же сатууга укуктуу. Материалдык баалуулуктарды сатып өткөрүүнүн тартиби Кыргыз банкынын нормативдик укуктук актылары менен белгиленет."; 4-пункт: "анын" деген сөздөн кийин "мүлкүн жана" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Кыргыз банкынын мүлкү капиталды жана акча каражаттарын кошо алганда, Кыргыз банкынын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимисиз милдеттенмелерди аткаруу үчүн пайдаланылууга жана (же) Кыргыз банкынан тартынып алынууга тийиш эмес".
12. 53-статьянын 2-пунктунда "салыктардын, бажы жана башка жыйымдардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы кодексинин 178-статьясынын 9-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата салыктардын жана жыйымдардын, бажы алымдарынын жана жыйымдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202298/st-13" title="13-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына nөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>