Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жарчысы, 1997-жыл, № 10, 470-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-пункту "көздөбөгөн" деген сөздөн кийин ", өзалдынча уюштуруучулук-укуктук формадагы - Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы катары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 3-статья "Кыргыз банкы" деген сөздөн кийин "ушул Мыйзамда каралган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Кыргыз банкынын жылдык отчету
1. Кыргыз банкынын төрагасы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз банкынын ишмердиги жөнүндө отчетун ал берилүүчү жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен берет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз банкынын төрагасынын отчетун отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлуна чейин угат.
2. Кыргыз банкынын төрагасынын Кыргызстан банкынын ишмердиги жөнүндөгү отчету өзүндө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз банкынын аудитордук текшерүүдөн өткөрүлгөн финансылык отчетун;
2) Кыргыз банкынын отчеттук мезгил ичиндеги ишмердиги жөнүндө маалыматты;
3) Кыргызстан банкынын Башкармасы тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды.
3. Кыргыз банкы жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында республиканын финансы жана банк системаларынын абалына тиешелүү негизги аналитикалык маалыматтарды жана финансылык отчетун жарыялап турат.".
4. 11-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө акча-кредиттик мамилелер жаатында Кыргыз банкы тарабынан жүргүзүлүүчү саясаттын негизги багыттары жөнүндө, ошондой эле республиканын финансы жана банк секторун өнүктүрүү маселелери боюнча расмий маалыматтарды жылына эки жолу, 1-июлдан жана 31-декабрдан кечиктирбестен жиберет.".
5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. Кыргыз банкынын бюджети
Кыргыз банкынын кезектеги жылга карата кирешелер жана чыгашалар бюджети, өнүктүрүү бюджети акча-кредиттик саясаттын негизги параметрлерине жараша жана Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген тартипте Банк башкармасы тарабынан өтүп бара жаткан жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен бекитилет.".
6. 12 жана 13-статьялар төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Кыргыз банкынын капиталы
1. Кыргыз банкынын капиталы төлөнгөн уставдык капиталдан, милдеттүү резервден, активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервден, бөлүштүрүлбөгөн пайдадан же чыгымдан турат.
2. Кыргыз банкы 300 млн. сом өлчөмүндөгү төлөнгөн уставдык капиталга (мындан ары - уставдык капитал) ээ болот. Кыргыз банкы өзүнүн уставдык капиталын ээликтен ажырата албайт же күрөөгө коё албайт.
3. Кыргыз банкынын уставдык капиталын көбөйтүү же азайтуу ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.
4. Милдеттүү резерв ушул Мыйзамдын 13-статьясына ылайык түзүлөт.
5. Активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв ушул Мыйзамдын 8 жана 13-статьяларына ылайык түзүлөт.
6. Бөлүштүрүлбөгөн пайда же чыгым ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык финансылык жыл ичинде орун алган кирешелер менен чыгашалардын ортосундагы, ушул Мыйзамдын 13-статьясына ылайык жүзөгө ашырылуучу ушул пайданы же зыянды бөлүштүрүүгө же төлөөгө чейинки айырма катары аныкталат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"…Постановление · 27.09.2013 · № 529 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202298/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына nөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>