1-берене. Жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 15.05.2008 редакциясы
1. Юридикалык жана жеке жактардын карыздары реструктуризациялоого
жатат.
2. Ушул Мыйзамда төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
карызды реструктуризациялоо - төлөө мөөнөттөрүн узартуу же карызды
жарым-жартылай кечип жиберүү;
пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 63-статьясына
жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 248, 260-статьяларына ылай-
ык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттөрдө,
өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн чегерилген суммалар;
туум - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 260-статьясына ылай-
ык аныкталган акчалай сумма, аны салык төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөбө-
гөндүгү үчүн төлөөгө милдеттүү;
финансылык жана айыптык санкциялар - Кыргыз Республикасынын салык
жана бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн чегерилген суммалар;
карыз - бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктар, бажылык алымдар
жана алар боюнча чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык
санкциялар;
реструктуризациялануучу карыз - 2008-жылдын 1-январына карата
алынган абал боюнча орун алган жана ушул. Мыйзамдын 2-беренесинде ка-
ралган тартипте төлөнбөгөн пайыздар, туумдар, финансылык жана айыптык
санкциялар боюнча карызды толук же жарым-жартылай кечип жиберүү;
кайтарылгыс карыз - юридикалык жана жеке жактардын экономикалык,
социалдык жана юридикалык мүнөздөгү себептерден улам өндүрүүгө мүмкүн
болбой калган жана ал боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү аяктаган бажы
жана салык алымдары боюнча карыз же болбосо банкроттук (кудуретсиздик)
жол-жобону өткөрүү учурунда токтотулган төлөө боюнча милдеттенме.
Берененин тексти 15.05.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202295/st-1" title="1-берене - Чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык санкциялар жана кайтарылгыс карыздар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>