Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо)
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары боюнча билим берүү ишине лицензия "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилет. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын аккредитациялоо (аттестациялоо) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик аккредитациялоодон (аттестациялоодон) өткөн кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди бepүүгө укуктуу. Аттестация беш жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.".
8. 17-статья күчүн жоготту деп табылсын.
9. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-бөлүктөр менен толукталсын:
"Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окуп жаткан окуучуларды социалдык жактан колдоо үчүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн. Жетим балдарга жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калган балдарга билим берүү алар жашы жеткенге чейин мамлекеттик камсыздоонун негизинде жургузулөт. Окугандарды окуудан жана окуу процессинен алаксытууга Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузгандыгы үчүн күнөөлүү (түз же кыйыр) адамдар окугандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарткан моралдык жана материалдык зыяндарынын ордун толтуруп беришет.".
10. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-бөлүктөр менен толукталсын:
"Педагогдук иш менен алектенүү укугуна зарыл билим жана тиешелүү педагогдук квалификация алган, бирок соттуулугу бар жана тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган медициналык жактан терс мүнөздөлгөндөрдөн башка адамдар ээ. Педагогикалык билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук иш менен алектенууге кайра даярдоодон өткөндөн кийин укуктуу болот. Кесиптик башталгыч билим берүү ишиндеги педагог кызматкерлер "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына ылайык окумуштуулук даражасы, педагогдук стажы үчүн кошумча акы алууга, ошондой эле жаш окутуучулар үчүн жеңилдиктерге укуктуу. Педагог кызматкердин класс жетекчилик үчүн эмгек акысына үстөктүн өлчөмү "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасьшын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык белгиленет.".
11. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "38 жана 39-статьяларына" деген сөздөр "43-46-статьяларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202264/st-16" title="16-статья - Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>