1-берене
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасыньш Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
"орто" деген сөздөн кийин келген "(толук)" деген сөз алып салынсын; 3-статьянын 4-бөлүгүн, 13-статьянын 4-бөлүгүн, 20-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын жана 23-статьянын 4-бөлүгүн кошпогондо, "мекемелер" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "билим берүүчү уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-статьянын 4-бөлүгүндөгү, 14-статьянын 4-бөлүгүндөгү жана 20-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "билим берүү мекемесин", "билим берүү мекемелерин" жана "билим берүү мекемелеринин" деген сөздөр тиешесине жараша "билим берүү уюмун", "билим берүү уюмдарын" жана "билим берүү уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 23-статьянын 4-бөлүгүндөгү "тийиштүү мекемелердин жана уюмдардын" деген сөздөр "кызыкдар уюмдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү Кесиптик башталгыч билим берүү негизги же жалпы орто билим базасындагы коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча квалификацияланган эмгектин кызматкерлерин (жумушчуларын, кызматкерлерин) даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо дегенди билдирет. Зарыл учурларда негизги орто билими жок адамдарга кесип алуу үчүн шарттар түзүлөт.".
3. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекет кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында - акысыз жалпы орто, ал эми зарыл учурда негизги жалпы билим алуу үчүн шарт түзүүгө кепилдик берет.".
4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарына мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактаган учурда юридикалык жана жеке жактар, эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар уюштуруучу боло алышат. Ачылганда билим берүү уюму "Кесиптик лицей" деген башталгыч статусту алат.
5. 10-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы жана 5-бөлүгүндөгү ар кайсы жөндөмөдө турган "квалификациялык сертификат" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрүнө коюлуп, "кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 13-статьяда:
2-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "кесиптик окуу жай" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткарчу башкы башкармалыгынын мекемелерине караштуу кесиптик окуу жайлар" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы алып салынсын.
7. 15 жана 16-статьялар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-статьясына ылайык жүргүзүлөт.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202264/st-1" title="1-берене - Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>