Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Талапкерлердин, саясый партиялардын ыйгарым укуктуу
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
өкүлдөрү
1. Талапкерлер, саясый партиялар ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайын-
дайт, алар шайлоого катышуу менен байланышкан бардык маселелер, анын ичинде каржылык маселелер боюнча тийиштүү талапкерге, саясый партияга өкүлчүлүк кылышат. Депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин Администрациясынын, Өк- мөттүн, Жогорку Кењештин аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бий- ликтин аткаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган- дарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, чет өлкө- лүк жарандар, жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүлдөр боло ал- байт.
2. Талапкердин, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тиз-
меси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же аны алмаштыруучу документи- нин сериясын жана номерин жана берилген датаны, жашаган жеринин даре- гин, негизги иштеген же кызмат кылган жерин жана ээлеген кызмат ордун (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болсо - ишин түрүн), телефон номерин, ал эми финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн фи- нансы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо ко- миссиясына тапшырылат. Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тиз- меге саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.
3. Тиешелүү шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күн-
дөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде ушул Кодекске ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же каттоодон баш тартуу жө- нүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат. Талапкердин, саясый партиянын ыйга- рым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн бергенден кийин дайындалды деп эсептелет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
4. Талапкердин, саясый партиянын мамлекеттик же муниципалдык кыз-
мат орундарын ээлеген ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өзүнүн кызматтык же иш абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.
5. Ыйгарым укуктуу өкүл:
талапкерди жактаган шайлоочулардын кол тамгасын чогултууда кол ко- юу барактарын күбөлөндүрөт, кол тамгаларынын санын эсептейт, кол тамга- ларды чогултуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт; тиешелүү шайлоо комиссиясына талапкерди жактаган кол коюу баракта- рын, ошондой эле талапкерди каттоо үчүн башка документтерди берет; шайлоо комиссиясынан кол коюу барактарын жана башка документтерди кабыл алгандык жөнүндөгү кат жүзүндөгү ырастаманы (маалымкатты) алат; шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзөт, үгүт материалдарын тарка- тат; талапкерлерге, саясый партияларга эфирдик убакытты берүүнүн тарти- бин аныктоодо шайлоо комиссиялары жүргүзгөн чүчүкулак кармоого катышуу- га укуктуу; ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясый партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына ка- тышууга укуктуу; Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарда белгилен- ген башка ыйгарым укуктарды, талапкердин, саясый партиянын тапшыруусу боюнча бөлөк ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
6. Талапкер, саясый партия тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлдү катта-
ган шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирип, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын каалаган учурда токтотуп коюуга укуктуу.
7. Талапкердин, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйга-
рым укуктарынын мөөнөтү шайлоо комиссиясы аларды каттаган күндөн тартып башталат жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясый партиянын Президен- ттикке, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинин курамында көрсөтүлгөн бардык талапкерлердин статусу жоголгон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирбестен аяктайт. Талапкер- дин, саясый партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдө- рүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күн- дөн баштап 20 күндөн кийин аяктайт.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>