Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
83-берене. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
көрсөтүү
1. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү
шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 кален- дардык күн калганда аяктайт.
2. Жергиликтүү кењештерге талапкерлерди көрсөтүү укугу саясый пар-
тияларга, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
3. Саясый партиялар ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча та-
лапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу, алардын саны ошол округ боюнча белги- ленген мандаттардын санынан көп болбоого тийиш. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Шайлоо комиссияларына документтерди тапшырууда саясый партиялар ушул Кодекстин 25, 26-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарды жетекчиликке алат. Жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлер саясый партиянын съездинде (конференциясында), анын аймактык бөлүмүнүн чогулушунда (кон- ференциясында) көрсөтүлөт. Саясый партиянын съездине (конференциясына), анын аймактык бөлүмүнүн чогулушуна (конференциясына) округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катышууга укуктуу. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кењештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү талапкер болуп добушка коюлуу ниети жөнүндө арызды округдук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүргүзүлөт.
4. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү жө-
нүндө протокол тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына сунуш кылынат.
5. Эч ким бир эле шайлоолордо бирден ашык шайлоо округунда талап-
кер болуп көрсөтүлбөйт.
6. Эгерде көрсөтүлгөн талапкерлердин саны тийиштүү шайлоо округун-
да белгиленген сандагы мандаттардан аз болуп калса, болбосо бардык көр- сөтүлгөн талапкерлер алар катталганга чейин өз талапкерлигин алып салса же чыгып калса, тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөтүү мөө- нөтүн 20 календарлык күндөн ашпаган убакытка узартат.
7. Каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин депутаттыкка бардык талапкер-
лер чыгып калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо ко- миссиясынын сунушу боюнча өзүнүн токтому менен шайлоонун мөөнөтүн 40 күндөн ашпаган убакытка узартат.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-83" title="83-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>