72-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Жогорку Кењештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү
шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоого чейин 45 календарлык күн калганда аяктайт.
2. Жогорку Кењештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү
укугу юстиция органдарынан расмий каттоодон өткөн саясый партияларга таандык. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясый партия- нын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Талапкерлердин тизмесине талапкерлерди киргизүү тартиби жана жашыруун добуш өткөрүү тартиби саясый партия тарабынан аныкталат.
3. Талапкерлердин тизмесине киргизүү үчүн саясый партиялардан та-
лапкерлерди көрсөтүү ушул берененин талаптарын эске алуу менен, ошондой эле ушул Кодекстин 25, 26-беренелеринде каралган жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Тизме боюнча саясый партиядан көрсөтүлгөн талап- керлердин жалпы саны 100 талапкерден ашпашы керек. Саясый партиялар талапкерлердин тизмесине башка саясый партиялар- дын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды киргизүүгө укуктары жок. Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясый партия төмөнкү өкүлчүлүк- тү эске алууга милдеттүү:
- бир жыныстагы адамдар жетимиш пайыздан ашык эмес, мында саясый
партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги ке- зектешүүсүнүн айырма үч позициядан ашпашы керек;
- 35 жаштан ашпаган адамдар он беш пайыздан кем эмес;
- ар кандай улуттардан өкүлчүлүк кылган жарандар он беш пайыздан
кем эмес.
4. Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону дайындоодон кийин беш
календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясый партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмени саясый партиянын финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аталышын жана маалыматтарын, ошондой эле ушул Кодекске ылайык саясый партиядан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу укугу бар шайлоо боюнча саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматта- рын көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүүгө милдеттүү. Саясый партиянын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө- сүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү билдирмеге саясый партиянын жетекчиси кол коюп жана саясый партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Саясый партия, эгерде документтеринде пайдаланылган кыскача аталыш жана эмблема уставда камтылган аталыштан жана эмблемадан сыпатталышы боюнча айырмаланса, аны Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясый партиянын аталышы жана эмблемасы Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо процесси аяктаганга чейин өзгөртүүгө жол бе- рилбейт. Борбордук шайлоо комиссиясы саясый партияга ошол билдирмени алган- дыгын жазуу жүзүндө ырастоону жана саясый партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымкатты дароо берүүгө милдеттүү.
5. Саясый партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмеси Борбордук
шайлоо комиссиясына сунуш кылынат. Талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш кыл- гандан кийин анын курамы жана аларда талапкерлерди жайгаштыруу тартиби талапкерлердин чыгып калышын пайда кылгандан тышкары учурларда өзгөртү- лүшү мүмкүн эмес. Андай болгондо чыгып калган талапкердин ордун ушул берененин 3-пунктунун талаптарын эске алуу менен саясый партиянын башка мүчөсү ээлейт.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>