Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Шайлоо комиссияларын таратуу тартиби
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
1. Туруктуу иштеген шайлоо комиссияларын кошпогондо, шайлоо комис-
сиялары Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан төмөнкүдөй учур- ларда таратылышы мүмкүн:
а) шайлоо комиссиялары жарандардын шайлоо укуктарын бузганда, ал
жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табышына алып кел- генде;
б) ушул Кодекстин талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жого-
ру турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин, Борбордук шайлоо комиссиясы- нын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда;
в) эгерде шайлоо комиссияларынын курамын түзүү учурунда ушул Ко-
декстин 11-беренесинин талаптары бузулса.
2. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз менен тиешелүү жогору
турган шайлоо комиссиясы, ошондой эле талапкер же саясый партия кайры- лууга укуктуу. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен же кайталап добуш берүүнү жүргүзүү учурунда - бул участкада добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилегенден кийинки мезгилде, бирок кайталап добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө арыз тез арада кароого кабыл алынат жана ал боюнча чечим арыз берилген күндөн тартып 2 календарлык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.
3. Шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда
жогору турган шайлоо комиссиясы жањы курамдагы шайлоо комиссиясын тү- зөт. Жањы курамдагы шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясын таркатуу жө- нүндө чечим күчүнө киргенден кийин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө тийиш.
4. Шайлоо комиссиясын таркатуу тиешелүү шайлоо комиссиясынын кењеш
берүү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулушуна алып келбейт.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>