13-берене. Округдук шайлоо комиссиялары жана алардын ыйгарым
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
укуктары
Округдук шайлоо комиссиясы:
1) тиешелүү аймакта ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын шайлоо-
лор жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышына контролдук жүргүзөт жана алар- дын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;
2) участкалык шайлоо комиссияларын түзөт;
3) участкалык шайлоо комиссияларынын ишине багыт берет, шайлоо
өткөрүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын алардын арасында бөлүштүрөт, бул каражаттар максаттуу пайдаланылышына контролдукту кам- сыз кылат;
4) тиешелүү аймакта шайлоо өткөрүүнү уюштурат;
5) жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо ок-
ругдарынын схемасын иштеп чыгат жана бекитет, шайлоо округдарынын ата- лыштарын алардын чектерин жана шайлоо комиссияларынын турган жерлерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;
6) шайлоо участкаларында добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык шайлоо
комиссияларына укуктук, усулдук, уюштуруу-техникалык жардам көрсөтөт;
7) участкалык шайлоо комиссияларын имарат-жайлар, транспорт, бай-
ланыш менен камсыз кылууну контролдойт, шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;
8) участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номер-
лери жөнүндө калкка маалымдайт;
9) шайлоочулардын тизмелерин жалпыга тааныштыруу үчүн сунуш кылуу-
га көзөмөл жүргүзөт;
10) участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракетине
(аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча че- чимдерди кабыл алат;
11. шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер бо-
юнча шайлоо комиссияларынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын же- текчилеринин билдирүүлөрүн угат;
12) шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинин текстин бекитет, Бор-
бордук шайлоо комиссиясы белгилеген формага ылайык даярдоону, шайлоо бюллетендерин жана башка документтерди участкалык шайлоо комиссияларына жеткирүүнү камсыз кылат;
13) жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талапкерлерди, алардын
ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын, шайлоо комиссияларынын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрүн каттайт, аларга белгиленген үлгү- дөгү күбөлүктөрдү берет;
14) талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын уюштурат;
15) бардык талапкерлер үчүн шайлоо алдында иш жүргүзүүнүн укуктук
бирдей шарттарынын сакталышын камсыз кылат;
16) тиешелүү округу боюнча жергиликтүү кењештердин депутаттарын
шайлоонун натыйжаларын аныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирет жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду Борбордук шайлоо комиссиясына берет;
17) кайра добуш берүүнү, кайталап добуш берүүнү жана кайталап шай-
лоону өткөрүүнү уюштурат;
18) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте добуш берүү-
нүн жыйынтыктарын же шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таба алат;
19) жергиликтүү кењештердин шайланган депутаттарын каттайт жана
аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берет;
20) шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүн-
гөн акча каражаттарын тескейт, ал каражаттардын бир бөлүгүн участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт, шайлоо округунун аймагында ал каражаттардын максатка ылайык пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;
21) ушул Кодекстин 45-беренесинин 10-пунктунда белгиленген тартип-
те айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табышы мүмкүн;
22) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди
архивге же жогору турган шайлоо комиссиясына берүүнү камсыз кылат;
23) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү мыйзам-
дарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>