Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Шайлоо комиссияларынын статусу жана аларды түзүү
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
тартиби
1. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары Борбордук шай-
лоо комиссиясы тарабынан чечүүчү добуш укугу бар 11 мүчөнүн курамында түзүлөт. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамы жа- на дареги алар түзүлгөн күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбес- тен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражатта- рына жарыяланат. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары ыйга- рым укуктарынын мөөнөтү беш жыл. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары комиссиялардын жањы курамы түзүлгөн учурдан тартып токтотулат. Облусттук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук башталыштарда иштейт.
2. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары шайлоо дайындалгандан ки-
йин 10 календардык күндөн кечиктирбестен облустук, Бишкек шаардык шай- лоо комиссиялары тарабынан төраганын, катчынын жана кеминде 5 мүчөнүн курамында түзүлөт. Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги алар түзүлгөндөн кийин 3 календарлык күндөн кечиктирилбестен об- лустук, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук башталыштарда иштейт.
3. Участкалык шайлоо комиссиялары жогору турган шайлоо комиссияла-
ры тарабынан шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда комиссиянын чечүүчү добуш укугу бар кеминде 7 мүчөсүнүн курамында түзүлөт. Участка- лык шайлоо комиссияларынын сандык курамы аларды түзгөн тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жана дареги алар түзүл- гөндөн кийин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комис- сиялары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жөнөтүлөт, булар аларды өзүнүн жакынкы чыгарылышында жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиялары өзүнүн курамынан комиссиянын төра- гасын жана катчысын шайлайт. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери шайлоо ко- миссияларынын төрагалары жана катчылары болуп шайлана албайт. Участкалык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү негизги ишинен бошотулбастан - коомдук башталыштарда иштейт.
4. Шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын шайлоо комиссиясынын
чечүүчү добуш укугу бар, курагы боюнча улуу мүчөсү ачат жана өткөрөт.
5. Шайлоо комиссияларын саясый партиялардын, шайлоочулардын чогу-
луштарынын сунушу боюнча жогору турган шайлоо комиссиялары түзөт. Жогору турган шайлоо комиссиясы сунуш кылынган талапкерлердин ичи- нен комиссиянын мүчөлөрүн бекитет. Эгерде саясый партиялардан, шайлоо- чулардын чогулуштарынан өкүлдөрдүн саны комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн белгиленген санынан көп болуп чыкса, маселе Бор- бордук шайлоо комиссиясы белгилеген чүчүкулак кармоо менен чечилет. Шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан, шайлоочу- лардын чогулушунан бирден ашык өкүл, ошондой эле бир эле уюмдан (меке- меден, ишканадан) бирден ашык өкүл болушу мүмкүн эмес. Саясый партия- лардын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын түзө албайт. Эгерде саясый партиялардан өкүлдөрдүн саны белгиленген сандан көп болуп чыкса, маселе чүчүкулак кармоо менен чечи- лет. Эгерде саясый партиялар шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө ушул Ко- дексте белгиленген сандагы талапкерлерди көрсөтпөсө, алардын орду шай- лоочулардын чогулуштары көрсөткөн шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө та- лапкерлер менен толтурулат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин кызматчылары шайлоо комиссиясы- нын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын түзө албайт. Көрсөтүлгөн жоболор ооруканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө жана шайлоочулар убактылуу жүргөн башка жерлерде, жетүүгө кыйын болгон жана алыскы райондордо, тергөө изоляторлорунда жа- на убактылуу кармоо изоляторлорунда, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн аймактарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде участкалык шайлоо комиссияла- рын түзүү учурунда колдонулбашы мүмкүн. Тандалган талапкерлер тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет. Чүчүкулак кармоонун жыйынтыгы боюнча шайланбаган жана (же) шайлоо комиссиясынын курамына киргизилбеген талапкерлер шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар айрым мүчөлөрү чыгып калган учурда аларды шай- лоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн резервди түзөт. Резерв жок болгон учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын ку- рамына жањы талапкерлерди киргизүүгө укуктуу, ал эми шайлоо комиссиясы таркатылган учурда шайлоо комиссиясын саясый партиялардан жана шайлоо- чулардын чогулуштарынан кайрадан сунуш кылынган талапкерлердин ичинен түзөт.
6. Тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер талапкерлердин
тизмеси катталгандан кийин, катталган талапкер же талапкерлердин тизме- син көрсөткөн саясый партия талапкерди же талапкерлердин тизмесин кат- таган шайлоо комиссиясына, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияла- рына кењеш берүү добуш укугу менен комиссиянын бирден мүчөсүн дайындоо- го укуктуу. Катталган талапкер же саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тийиштүү шайлоо комиссиясына расмий документтерди жиберүүгө ти- йиш, анын төрагасы дайындалган адамдарды кењеш берүү добуш укугу бар комиссия мүчөлөрүнүн тизмесине киргизет жана аларга күбөлүк берет. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары- нын кызмат адамдары, аскер бөлүктөрүндө, аскер уюмдарында, мекемелерин- де командалык кызмат ордун ээлеген адамдар, судьялар, прокурорлор, ошондой эле соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жокко чыгарылбаган адамдар комиссиянын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөсү болуп дайындалбайт. Кењеш берүү добуш укугу бар комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары комиссиянын бул мүчөсүн дайындаган талапкердин, саясый партиянын чечими менен токтотулушу жана башка адамга берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202192/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>