Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
58-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Жогорку Кењештин карамагына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өз-
гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) мыйзамдарды кабыл алуу;
3) өзү тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды расмий чечмелөө;
4) Кыргыз Республикасынын чегараларын өзгөртүү;
5) Өкмөт киргизген республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жө-
нүндөгү отчетту бекитүү;
6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн
маселелерин чечүү;
7) Президентти шайлоону дайындоо;
8) Өкмөт киргизген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамле-
кеттик программаларын бекитүү;
9) Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн түзүмүн бекитүү;
10) ушул Конституцияда каралган учурларда Өкмөткө, Өкмөттүн айрым
мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө;
11) Президенттин сунушу боюнча Конституциялык Соттун судьяларын
шайлоо жана кызматынан бошотуу;
12) Президенттин сунушу боюнча Жогорку Соттун судьяларын шайлоо
жана кызматынан бошотуу;
13) Президенттин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн угуу;
14) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берүү; аны сот тартибинде
кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук бе- рүү;
15) Президенттин сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлоо;
16) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын
төрагасын дайындоого макулдук берүү;
17) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын
курамынын жарымын шайлоо; аларды мыйзамда каралган тартипте жана учур- ларда кызматтарынан бошотуу;
18) Президенттин сунушу боюнча Эсептөө палатасынын төрагасын шайлоо
жана кызматтан бошотуу;
19) Президенттин сунушу боюнча Эсептөө палатасынын аудиторлорунун
бүткүл курамын шайлоо жана бошотуу;
20) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана кызматынан бошотуу; аны
сот тартибинде салынган кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчи- ликке тартууга макулдук берүү;
21) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбуд-
смендин) орунбасарларын шайлоо жана кызматынан бошотуу; аларды сот тар- тибинде салынган кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тар- тууга макулдук берүү;
22) мыйзамда белгиленген тартипте эларалык келишимдерди ратифика-
циялоо жана денонсациялоо;
23) өзгөчө абалды киргизүү, бул маселе боюнча Президенттин жарлык-
тарын бекитүү же жокко чыгаруу;
24) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү,
согуш абалын жарыялоо, бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын беки- түү же жокко чыгаруу;
25) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык
келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгы болгон учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пай- далануу мүмкүнчүлүгүнүн маселесин чечүү;
26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык ранг-
дарын, класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө;
27) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу
наамдарын уюштуруу;
28) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;
29) чет мамлекеттердин, эларалык уюмдардын жетекчилеринин жана
башка өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угуу;
30) Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Акыйкатчынын (Омбудс-
мендин) ар жылдык баяндамаларын угуу;
31) Премьер-министрдин Өкмөттүн иши жөнүндө, Башкы прокурордун,
Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;
32) Кыргыз Республикасынын Президентине каршы айып коюу; Президен-
тти кызматынан четтетүү.
2. Ушул статьяда аталган кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун
жана баяндамаларын угуу тийиштүү мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалуулугу жана көз карандысыздыгы жөнүндө ушул Конституциянын жана мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен ишке ашырылат.
3. Жогорку Кењеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым
укуктарды ишке ашырат.
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-58" title="58-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>