57-берене
Күчүн жоготкон · 27.06.2010 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2010 года.
1. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары Жогорку Кењештин
ыйгарым укуктарынын токтотулушу менен бир учурда токтотулат.
2. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары ушул статьянын
1-пунктунда каралган негиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткону жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде; жарандыктан чыкканда, жарандыгын жоготкон- до же башка жарандыкты алганда; башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда; шайлоо- лор жараксыз деп табылганда; туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда; аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндөгү сот- тун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, депутат каза болгондо, ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; бир сессиянын ичинде Жогорку Кењештин жыйналыштарына жүйөлүү себепсиз 30 жана андан да көп жумуш күнү катышпаганда, ошондой эле мыйзамга ылайык депутат өзү шай- ланган партиядан чыкканда же чыгарылганда; мыйзамга ылайык депутат шай- ланган партия ишин токтоткондо. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кабыл алган чечими менен ишке ашы- рылат.
3. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун
натыйжасында пайда болгон бош мандатты ээлөөнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
Экинчи бөлүм Жогорку Кењештин ыйгарым укуктары
Берененин тексти 27.06.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202191/st-57" title="57-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>