1-статья
Күчүндө · 10.08.2007 редакциясы
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүм-
дөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., N 5, 229-ст.) тө-
мөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1-пунктунун "а" пунктчасындагы:
- биринчи абзац "жалданган кызматкерлердин," деген сөздөрдөн кийин
"туруктуу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча
жумушка, ошондой эле иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Рес-
публикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабас-
тан, бир жолку ишти/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кабыл алынгандардын"
деген сөздөр менен толукталсын; "21 пайыз" деген сөздөр "19 пайыз" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "19" деген сан "17" деген сан менен алмаштырыл-
сын;
"б" жана "г" пунктчаларындагы "19" деген сан "17" деген сан менен
алмаштырылсын;
2-пункттун "а" пунктчасы "жалданган" деген сөздүн алдынан "турук-
туу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча жумуш-
ка, ошондой эле иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республика-
сынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан, бир
жолку ишти/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга" деген сөздөр менен толуктал-
сын.
2. 3-статьянын "а" пунктчасында:
- экинчи абзацтагы "21 пайыз" деген сөздөр "19 пайыз" деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "19 " деген сан "17 " деген сан менен алмаш-
тырылсын.
3. 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасынын экинчи абзацындагы
"17" деген сан "15" деген сан менен алмаштырылсын.
4. 6-статьянын 1-пунктундагы "-алынган кирешенин өлчөмүнө карабас-
тан эсептешүү көрсөткүчүнүн алты эселенген өлчөмүнүн ай сайын Пенсиялык
фондго - 24 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз
эселенген өлчөмүнүн 8 пайыз өлчөмүндө ай сайын Пенсиялык фондго" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 7-статьянын 1-пунктундагы "он эселенген эсептешүү көрсөткүчү-
нөн" деген сөздөр "он беш эселенген эсептешүү көрсөткүчүнөн" деген сөз-
дөр менен алмаштырылсын.
6. 9-статьянын экинчи абзацындагы "24" деген сан "22" деген сан
менен алмаштырылсын;
7. 10-статьядагы "Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн ыкты-
ярдуу төлөө Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана
жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар тарабынан жеке
жактардын пайдасына ар кандай өлчөмдө, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн
беш эселенген өлчөмүнүн ай сайын - 25 пайызынан" деген сөздөр "Пенсия-
лык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө Кыргыз Республика-
сынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошон-
дой эле юридикалык жактар тарабынан жеке жактардын пайдасына ар кандай
өлчөмдө, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз эселенген өлчөмүнүн ай сай-
ын - 8 пайызынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 11-статьянын 2-пунктунда:
пункт "Юридикалык жакты түзбөстөн" деген сөздөрдөн кийин "жана
юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбасында жер үлүшү бар I
жана II топтогу майыптар," деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбасында I жана II
топтогу майыптарга тиешелүү жер үлүшү үчүн чарбанын эмгекке жарамдуу
мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө укуктуу. Төккөн камсызданды-
руу төгүмдөрүнүн суммалары алардын өздүк камсыздандыруу эсебине кирги-
зилет.".
9. 13-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацындагы:
"он эселенген эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөр "он беш эсе-
ленген эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүнө" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
"төрт эселенген эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөр "беш эселен-
ген эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 10.08.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202178/st-1" title="1-статья - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>