22-1-статья. Фонддун башкармасы
Күчүн жоготкон · 17.11.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2011 года № 173.
1. Башкарма Фонддун ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу,
анын коллегиялык аткаруучу органы болуп эсептелет.
2. Башкарманын курамына Фонддун Директорлор кењешинин төрагасынын
сунушу боюнча Директорлор кењеши дайындоочу Фонддун башкы директору, аткаруучу директору жана финансылык директору кирет. Фонддун Башкармасынын мүчөлүгүнө жакшы бедели бар жана өздөрүн ке- сиптик жактан көрсөтүшкөн, инвестициялоо, экономика жана башкаруу жаа- тында жетиштүү тажрыйбасы бар адамдар дайындалат. Башкарманын мүчөлөрүн Директорлор кењешинин төрагасынын демилгеси боюнча Директорлор кењеши ээлеген кызматынан бошотот.
3. Башкы директор Фонддун Башкармасынын төрагасы болуп эсептелет
жана анын ишине жетекчилик кылат. Башкарманын төрагасына Фонддун ишинин маселелери боюнча опера- тивдүү жана аткаруучу-тескөөчү чечимдерди кабыл алууга, Фонддун атынан келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Фонддун уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды колдонууга ыйгарым укуктар берилет.
4. Башкарманын регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору
Фонддун уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 17.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Президентинин 2009-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 280 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" жарлыгыУказ · 17.06.2009 · № 280 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202168/st-22-1" title="22-1-статья - Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>