22-статья. Фонддун Директорлор кењеши
Күчүн жоготкон · 17.11.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2011 года № 173.
1. Директорлор кењеши Фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашы-
руучу, аны башкаруунун коллегиялык байкоочу органы болуп эсептелет.
2. Директорлор кењешинин компетенциясы ушул Мыйзамда аныкталган
өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун уставы менен аныкталат.
3. Фонддун Директорлор кењешинин өзгөчө компетенциясына анын иши-
нин төмөнкүдөй атайын маселелери кирет:
1) акционер тарабынан бекитилген багыттардын, принциптердин, ар-
тыкчылыктардын жана анын ишинин параметрлеринин негизинде Фонддун ин- вестициялык жана ишкердик стратегияларын, пландарын жана саясатын түзүү, бекитүү жана маалы менен жањыртып туруу;
2) Фонддун операциялык жана инвестициялык ишинин негизги тобокел-
дерин аныктоо, ушул тобокелдер үчүн чектик дењгээлди белгилөө, ошондой эле аны башкарууну уюштуруу;
3) Фонддун аткаруу органдарынын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
4) Фондду ички контролдоонун адекваттуу жана натыйжалуу системасын
түзүү жана сактоо;
5) Фонддун ишинин жана анын банк-катышуучулар, кредиторлор жана
башка үчүнчү жактар менен өз ара аракеттеринин регламентин жана эреже- син бекитүү;
6) акционердин компетенциясына кирген Фонддун ишинин маселелери
боюнча долбоорлорду, сунуштарды, экспертизаны, башка материалдарды жана документтерди даярдоо.
4. Фонддун Директорлор кењешинин сандык курамы анын мүчөлөрүнүн
жалпы саны так эмес болушу керектиги шарты менен анын акционеринин че- чими боюнча аныкталат.
5. Фонддун Директорлор кењешинин төрагасы кызматы боюнча
Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Кыргыз Республикасы- нын борбордук Агенттигинин директору же анын орун басары болуп эсепте- лет. Фонддун Директорлор кењешине кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кирет. Фонддун Башкармасынын төрагасы кызматы боюнча Директорлор кењеши- нин мүчөсү болуп эсептелет. Фонддун Директорлор кењешинин калган мүчөлөрү мамлекеттик жана му- ниципалдык органдарга көз карандысыз адамдар тарабынан анын үчтөн бири- нен кем эмес курамы көрсөтүлүүгө тийиш болгон шартта акционер тарабынан дайындалат.
6. Директорлор кењешинин регламенти жана чечимдерди кабыл алуу
жол-жоболору Фонддун уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 17.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202168/st-22" title="22-статья - Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>